www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки убакта жансыздыкты сездирген кызык мыйзамдарды ишке киргизүүгөөкмөт тарабынан аракеттер болуп жатат. Андай нерсенин келечеги болбосун деле ачык байкоого болот. Маселен, бизде “мыйзамсыз байыган” деген беренени кимге ыйгарууну билбей жатканы аябай “кубандырат”. Чынында бул деген алга жылуу жышаанын билдиргендей түр калтырганы менен иш жүзүндө андай эмес болуп жатпайбы, кашайып.

Акыйкаттын таразасына салсак Аскар Салымбековду, Шакини, качып кеткен Аскарбек Шадиевди, Нариман Түлеевди, Раим Матраимовду, Акылбек Жапаровду, Кубанычбек Жумалиевди, Исхак Пирматовду, Абдимуктар Маматовду жана башкаларды кантип мыйзамсыз байыды дегенге оозубуз барсын? Анттиң дегиче аларың алкымдан алып кайра өзүңдү сүзгүлөп ит акмагыңды чыгарбайт деп ким кепилдик бере алат? Жалил Атамбаевдин өнөрүнөн муну айкын көрдүк го дейм.

Ошондуктан орто эле жашаган, бирок, лидерин кумир туткан Мээрбек Мисканбаевге, Дамир Мусакеевге окшогон “чириген байларга” тийиштүү тармактар оңой эле “мыйзамдарды” таап мурдуна такап коет. Анан бакырып жата беришсин жер, сууну чаңдатып, туурабы? Ал эми көпөстөрдү азыр аздектеп карабаса төбөлдөргө эле кыйын болот. Анткени шайлоодо так ушулар зарыл болуп каларын кантип эстен чыгарууга болсун?

Демек, кыргызстанда “мыйзамсыз байыгандар” жок десек бап келет. Ошолор той кылып, өпкөсүн чаап мактана берсин. Себеби, капчыгы калыңдарга, акылы жарымдарга, замандын эрке тайларына теңелүүнүн кажети жок. Бечелге жөтөлдүн кереги барбы-деп эле оокатыбызды кыла берели. Буларга кыйын делген өкмөттүн деле алы жетпей жатканда тим эле отуралычы…

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости