www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-апрелде Европанын бир катар өлкөсү массалык түрдө жарыксыз калды. Электр энергиясы Испания, Португалия, Франция, Бельгия жана Андоррада өчкөн. Мадрид менен Лиссабондун аэропорттору жарыксыз калып, иши үзгүлтүккө учураган. Испания менен Португалияда телефон байланышы үзүлгөн. Учурда авариянын себеби аныктала элек.
«El Pais» басылмасы маалымдагандай, электр энергиясындагы үзгүлтүк жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:20да орун алып, кечинде жарым-жартылай калыбына келтирилген. Испаниянын бийлиги ыкчам жыйналышка чогулуп, өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилген. Португалиянын премьер-министри авариянын себеби Испанияда болушу мүмкүн экенин айтса, Испаниянын бийлиги маселе иликтенип жатканын билдирген.