www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым маалымат булактары атайын бурмалап, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунушу менен бекитилген кошумча каражаттарды тек гана Президенттин иш башкармасы өзүнө багытталгандай көрсөтүүдө. Чындыгында, бул каражаттар жалпы мамлекеттик маанидеги бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, 2024-жылы 3 миллиард 666,7 миллион сом төмөнкү багыттарга бөлүндү:

1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарын ɵнүктүүрүгɵ - 300,0 млн сом;

2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун көчүп келүүчү айылдарынын тургундары үчүн башкы планды, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга жана үйлөрдү курууга – 869,9 млн сом;

3. Кыргы Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун бөлүмдөрүнө оорукананын корпусун куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн – 819,4 млн сом;

4. Кыргы Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө – 307,0 млн сом;

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине техникалык каражаттарды сатып алууга – 144,8 млн сом;

6. Күч структураларынын метериалдык-техникалык базасын чыңдоого – 790,2 млн сом;

7. "Кара-Кыргыз облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы" белгилерин, күбөлүктөрдү жана аларга тиешелүү буюмдарды даярдоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн – 4,6 млн сом;

8. Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейине "Мехатроника жана робототехника" лабораториясы үчүн жабдууларды, ошондой эле жогорку конфигурациядагыкомпьютерлердин 30 бирдигин сатып алууга – 11,8млн сом;

9. "Акылман "президенттик лицейи" мекемесин2025-жылы күтүүгө – 151,3 млн сом;

10. 2025-жылдын 3-майда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында эл аралык спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн – 4,0 млн сом;

11. Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигинин учуу коопсуздугунун тизмесинен чыгаруу боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында эл аралык консультанттардын кызматтарын каржылоо үчүн – 91,8 млн сом;

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн – 100,4 млн сом;

13. Кыргызстан элинин биримдиги, ынтымагы жана достугу темасында параддык гобелен түзүү үчүн – 6,5 млн сом;

14. 2025-жылдын 31-мартында Тажикстан Республикасынын Худжан шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын, Тажик Республикасынын жана Өзбек Республикасынын президенттеринин жолугушуусунун алкагында маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү үчүн – 51,9 млн сом;

15. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн үч бирдик санындагы автотранспорт каражаттарын сатып алууга – 5,8 млн сом;

16. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринебир жолку 100 000 (жүз миң) сомдон материалдык жардам төлөөгө – 3,2 млн сом;

17. 2024-жылдын июлунан 2025-жылдын июнуна чейин ай сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери үчүн 4,1 млн сом.

Жалпысы 3 666,7 млн сом.

Фактылар: Президенттин иш башкармасынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы

Иш башкармалыктын карманган стратегиялык багыттары — башкарууну жакшыртуу, санариптештирүү жана финансылык дисциплинаны бекемдөө — акыркы жылдары өз жыйынтыгын берди:

 • 2019-жылы ведомстволук мекемелердин кирешеси 462,9 миллион сом болгон.

 • 2024-жылы бул көрсөткүч 6 миллиард сомго жетип, киреше 12,9 эсеге өстү.

Бул — Пиезидент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик ресурстарды эффективдүү жана акылдуу башкаруунун түздөн-түз натыйжасы.

Айрым маалыматтык баракчалар таратып жаткандай “жеке холдинг түзүлүп жатат” деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

Бөлүнгөн каражаттар — эл үчүн курулуш, социалдык долбоорлор, саламаттык сактоо, билим берүү, күч түзүмдөрүн чыңдоо сыяктуу мамлекеттик маанидеги максаттарга багытталган.

Президенттин Иш башкармасынын жана ага караштуу мекемелердин ишмердүүлүгү ачык-айкын жана жыйынтыктарга негизделген.

Последние новости