www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСПД) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, Атамбаев өзү үйүнүн ичинде, атайын даярдыктагы күч кызматкерлери ал жакка кирүүгө аракет кылууда. Атамбаевдин 200дөн ашык тарапкерлери чогулуп турушат жана алар бушайман.

«Атышуудан 4 адам жараат алган жана аларга «Тез жардам» киргизилбей, ооруканага жеткирүүгө уруксат берилди» деди Ниязов "Азаттыка".

Учурда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын бөлүктүн аскерлери жүрөт. Октун үндөрү чыгууда. Ызы-чуу улантылууда.  Атамбаевдин тарапташтары жолдун жээгиндеги дарактарды кыйып жолдорду тосту. 

Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости