www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында атайын бөлүктүн аскерлери киргенде бир канча адам жарадар болду. Дмитрий Ложниковдун айтымында “Атамбаевдин үйүндө турам. Элдер кыйкырып жатат. Короодо 400-500гө жакын киши бар. Элдердин колунда таштар бар. Атамбаевдин тарапташтарына желим ок атылып жатат. Азырынча канча киши жарадар белгисиз”, деди. Андан сырткары “Азаттыктын” журналисти бир нече адамдар жарадар болгонун кабарлады. Андан сырткары 24.kg маалымат агенттигин журналистине дагы ок тийген. Кырдаал курчууда. Элдер дарактарды жыгып, жолду тосту. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн белгисиз жака алып чыгып кетишти.
Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.
Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg