www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Гапар Айтиев атындагы сүрөт икусство музейиндеги феминаленин тегерегиндеги ызы-чууга парламент өз пикирин билдириши керек”,- дейт Отунбаева. Бул тууралуу ал “Өмүрбек Текебаевдин диалогтору” китебинин ачылышында айтты.

Ал өз сөзүндө ”Топтошкон жарандар жаш министрди коркутуп жиберип, ал басым астында Музейдин директорун жумуштан алып салды. Парламент кайсы жакты карап олтурат? Силердин социалдык комитетиңер бар го? Мүмкүн алардан Мира Жангарачеваны эмне үчүн жумуштан  бошогонун сурайттырсыңар?”,-деп суроо салды.

Ал Кыргызстандагы аялдардын эмгеги эркектердикинен кем эмес экендигин белгилеп, бирок, аялдардын укугу дале корголбой жаткандыгын айтты.

“Даниялык кыздын секс-индустрияны чагылдырган  жылаңачтанган образына  баары нараазы болушту. Сүрөт музейинин маңдайындагы мейманканада түндөсү ушундай эле аялдар жүрүшпөйбү?  Сауналарда эркектерибиз ушундай аялдар менен көңүл ачпай жатабы? Бишкекте эле 14 кризистик  борбор бар",-дейт Отунбаева.

Бишкекте искусствонун 1-феминалеси болуп өтүүдө. Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде 17 күн катары менен 22 өлкөдөн келген 56 сүрөтчү аялдын экспозициясы көрсөтүлүүдө. Бирок, активисттерди келиндердин ичеги-карын жууп жатканы, жылаңач жүргөндүгү, ич кийимдерин көрсөтмө катары илгендиги нараазычылык жаратып, социалдык тармактарда көптөгөн талкууларга себепчи болгон.

Натыйжада, Сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өзү Маданият министри Азамат Жаманкуловго арыз жазып кызматтан кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости