www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Керим Тураповдун “Туулган жер" деген ырындагы
“...Түндүгүнөн түтүн булатып,
АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам”, - саптарында кыргыздын ички дүйнөсү тууралуу терең улуттук философиялык уюткулуу ой камтылган. Бирок андай ой, сезим, аңдап билүүсү “маданиятсыз” кыргыздарга гана таандык!
Ал эми билимдүү, окуган-чокуган, батыштан диплом алып жогорку маданиятты тааныгандар, ичеги-карынды артууну аялзатын басынтуу формасы катары түшүндүргөнгө аракет кылышса, анда, апалардын балдарына болгон ичиндеги мээрими менен жасаган нанды да биротоло теңсиздик дешсин.
А мен болсо, бул биздин кыргыздын абдан бай маданиятыбыздын кичинекей бирок маанилүү бөлчөгү экенин обьективдүү баалап, түшүнүп, сактап, аны коргоп жана оймо-чиймелерибизди улантканга аракет кылган, алар айткандай “маданиятсыз маргинал” бойдон кала бергеним артык.
P.S. Бул жеке ой, аны эч кимге таңуулабайм, жакпаса сүйкөнбөй секин басып кете бергиле.
Урматтоом менен Тимур Саралаев.