www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев бүгүн, 3-декабрда “Nazarnews” маалымат агенттигине билдирди.
Андагы маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 27-28-ноябрь күндөрү Токтогул районун бир нече тургундары арыз менен кайрылышкан. Себеби, соода түйүндөрүнө 20-25 жаштагы атуулдар 200 сомдон 500 сомго чейин соода кылышып, алар беришкен 2000 сомдуктардын кайтарымдарын алып кетишкен. Ошол 2000 сомдук акчалар жасалма экендиги билингенден кийин белгисиз атуулдарга карата чара көрүүнү суранышкан.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар КРнын Жазык кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо)негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, Токтогул районунун тургундары: 2001-жылы туулган Т.К. жана анын кылмыштуу шериктери О.С., М.У. кармалышып, далил буюм катары жандарынан 2000 сомдук жасалма купюралар алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.Б. камакка алынып, ал эми калган экөө үй камагына чыгарылган. Учурда купюралар кайсыл жактан алынып, кандай шарттарда жасалгандыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg