www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов убагында Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри, Улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин жетекчиси, премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Иштебеген жеринен иштеген жери көп. Фейсбуктагы “Беспредел”  баракчасында бул адам тууралуу кызыктуудай бир материал жарыяланыптыр.

"Феликс Кулов өзү убагында кримтөбөл Азиз Батукаев менен “кызматтышып” жүрүп эми башка бирөөнүн ишине баа бергенге кандай моралдык укугу бар?

Ал 2001-жылы Бишкек гарнизондук сотунун чечимине ылайык мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылып, генерал-лейтенант наамынан ажыратылган. Ага Улуттук коопсуздук министри болуп турганында “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын камакка алынышына “Калкан” антитеррордук борборунун кызматкерлеринин көрсөтмөсү себеп болгон. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча “Калканга” убагында ИИБден айдалган, криминалдык чөйрөдөн Куловго жакын, ишенимдүү адамдар ишке алынган. “Калкандын” кызматкерлери Куловдун жеке өзүнө баш ийип, алар жогорку кызматтагы адамдарга, ишкерлерге мыйзамсыз жол менен компромат топтоп жүрүшкөн. Алардын бирден-бир объекти «Лукойл-Кыргызстан» ишканасынын башкы директору, жеке ишкер Юсуп Көлбаев болчу. Акырында ал өлтүрүлгөн. Кийинчерээк ИИМдин өкүлдөрү бул кылмышка шектүү киллерлердин Феликс Кулов менен байланышы бар экендигин аныктагандыгын маалымдашкан.

Андан сырткары, укук коргоо органдары “Калкандын” материалдык базасын чыңдоо шылтоосу менен куралдарды мыйзамсыз алуу жана атайын жабдыктарга ээлик кылуу фактыларынын бетин ачкан. Алар Улуттук коопсуздук кызматынын материалдарында каттоого алынган эмес. Ал учурда “Калканды” учурдагы “Бир Бол” фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев жетектеп турган. Ал Куловдун ишенимдүү адамы. Ага убагында сержанттан майор жана майордон подполковник наамдары кезексиз ыйгарылган. Ал үчүн документтер дагы мыйзамсыз жасалган.

2002-жылы аппеляциялык кароодо сот Феликс Куловду 10 жылга эркинен ажыраткан. Анда сот аны 1993-1997-жылдары Чүй облусунун губернатору болуп турганында "мамлекеттик каражатты багытсыз пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал материалдарга ылайык, Куловду спирт менен махинация жасоо, ал эми ЖМКлар анын “Химсинтез” ишканасынан 1 жарым миллион АКШ долларынын жоголушуна шекшиген болчу.

Феликс Кулов милициянын кадрдык кызматкери болуп туруп зонада “авторитет” дагы болгон. Негизи кылмыш дүйнөсү “кызылдарды” жакшы кабыл ала бербейт. Бул жерде болсо Феликс Кулов зонадагы катардагы кылмышкерлерди коюп, “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев менен жакшы мамиле түзүп алганга жетишип, бир баракта отурган. Бул факт Феликс Кулов эчак эле мамлекеттин кызыкчылыгын сатып, кримдүйнөгө бизнесмен, мамлекеттик кызматкерлер тууралуу маалыматтарды “бөлүшүп” салгандыгынан кабар берет.

Ошондой эле, Феликс Кулов Рыспек Акматбаев жана анын бир тууганы Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнүн уюштуруучусу экендигин белгилей кетүү зарыл.

Учурда бул “жыгач генералдын” абалы оор. Ал кредиторлордун алдында карыздарын жоё албай жүрөт. Жада калса насыяларын жабуу үчүн аялы жана кызынын баалуу буюмдарын ломбардга койгонго туура келген. Ал буюмдарды кайра кайтарып алуу үчүн ар тараптын буйрутмасы менен эксперт жана саясат таанучу катары үн катып, кимдир бирөөгө керектүү “обонду созуп” жүрөт. Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча ал мындай сунушун өлкөдөгү аты чыккан саясатчыларга дагы өзү сунуштап жүрөт",  - делет “Бесперел” баракчасында.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости