www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыйкыр, дуба окутуу сыяктуу нерселер көпчүлүк адамдарды кызыктырып келет. Булар тууралуу суроолорго жинолог Сулайман Кочкорбаев төмөнкүчө жооп берди.

- Сыйкырдын шарияттагы өкүмү кандай болот?

- Мусулман адамга сыйкыр менен алектенүү арам кылынган. Андыктан сыйкыр эң чоң күнөөлөрдөн болуп саналат жана аны жасаган киши динден чыгат.

- Сыйкыр кантип жасалат? Мисалы, бир киши бирөөгө кара дуба окутуу үчүн барды дейли, ал кантип ишке ашырылат?

- Сыйкыр жасоо бир нерселерди окуп коюу менен эле же болбосо, жакында Ош жергесиндеги көрүстөндө табылган нерселер сыяктуу бир нерселерди жасап коюу менен эле ишке ашпайт.
Анткени көзү ачык ширк амалын жасамайынча эч качан сыйкыр жасай албайт жана ошондой эле сыйкырчы боло албайт.

Мусулман адам салих амалдар менен Аллага жакындагандай эле көзү ачыктар да, ширк амалдар менен жиндерге жакындайт. Ошондо гана жиндер анын сыйкырына жардам көргөзөт. Алар (сыйкырчылар) жиндердин жардамысыз эч нерсе кыла алышпайт. Ошон үчүн жиндердин талаптарын аткарууга мажбур болушат.

Жиндердин талаптары төмөнкүчө:
1. Жиндер үчүн курмандык чалуу.
2. Жиндерден жардам суроо.
3. Алланын аяттарын кордоо. (Куран аяттарын буту менен тепселөө)
4. Дааратсыз намаз окуу. Жадагалса кээ бир чоң сыйкырларды ишке ашыруу үчүн жиндердин талабына ылайык өзүнүн эже-карындашы жана башка ошол сыяктуу жакындары менен жыныстык алакада болууга чейин барышат жана башка ушул сыяктуу ширк талап-амалдарын аткарышат.

Көзү ачык алардын талаптарын аткаргандан кийин баягы көрүстөндөгү куурчак, сүрөткө сайылган ийне, өрүлгөн жип сыяктуу нерселерди жасайт. Ошол менен жиндер, шартка ылайык сыйкырчыга моюн сунуп, эмнеге буйрулган болсо ошону ишке ашыруу максатында жолго чыгышат жана айтылган адамга өз чабуулдарын жасашат. Ал эми сүрөткө сайылган ийне жана өрүлгөн жип, мойнунан муунтуп коюлган куурчактар ж.б. у.с. нерселер, көзү ачык менен жиндердин ортосундагы келишим (акд) деп аталат.

Сыйкыр деген:
Сыйкырчы менен жиндердин ортосунда өз ара келишимден соң жасалган нерсе айтылат. 

Ал эми сыйкырдын күнөөсү оор болот жана акыреттеги азабы да өтө катуу болот. Анткени анын коомчулукка болгон залалы да аябагандай чоң.

Биз мусулман болгон соң Алла таала кылмышка жараша жаза белгилейт деп билебиз.

Ошондуктан пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам көзү ачыктарга баруудан кайтарды. Ким көзү ачыкка барып бир нерсени сураса, кырк күн анын намаз ибадаттары кабыл кылынбайт. Дагы башка хадисте "ким сыйкырчыга барып, ал айткан сөздү тастыктаса, мен алып келген китепке (Куранга) каапыр болуптур" деп айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости