www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - XX кылымдын ханышасы Одри Хепберн

Актрисанын бала чагы

Одри Хепбернди эстегенде, анын тамакты сүйбөгөндүгү эске түшөт. Мунун себеби актрисанын апасы голландиялык баронесса өтө толук айым болгон. Ал кызына: «Кызым, чыныгы лединин салмагы 46 кгдан ашпоосу керек. Муну мээңе түйүп ал. Мендей толук аял болуудан алыс бол жана мага толуп кетпейм деп сөз бер» -деген кеңешин болочок актрисанын кулагына куюп келген. Ошого карабай Одри жаш кезинде өзүн башкалардан төмөн сезип, бул кайгыдан шоколад менен алаксыган экен. Анын апасы буга каршы чыгып, толук аялдарды эркектер сүйбөйт деп таңуулаган. Ата-энесинин ажырашуусунан кийин Одри апасы менен Нидерландда жашаган. Ал 11 жашка толгондо согуш башталат. Буга байланыштуу өлкөдө ачкачылык өкүм сүрүп, жаш кыз күнүнө салат жалбырагы жана картөшкө менен тамактанып калган. Ошол кезде фашисттер аялдарды көчө-белден кармап, Германияга кара жумушка жөнөтүп турушчу. Алардан качкан Одри бир үйдүн жертөлөсүндө кадимки голланд тюльпандарынын тамырын жеп, бир ай жан сактаган. Согуш аяктагандан соң алардын турмушу кескин начарлаган. Атасы түрмөгө камалып, апасы үй кызматкери болуп күн өткөрүшкөн. Одри кыйынчылыктан улам өзүнүн жанын багууга далалат жасай баштайт.

Ататуулукка карай салынган чыйыр

Алгач Одри өзүн балеттен сынаган. Акыркы күчү калгыча машыгып, акыры балет ал үчүн эместигин түшүнөт. Өзүнүн жакшынакай келбети бардыгынан пайдаланып ошондо эле жарнамаларга тартылып, фотомодель, бийчи катары өз күчүн сынайт. Ушундай күндөрдүн биринде аны француз романисти Каллет байкап калып, «Жижи» мюзиклинде башкы каармандын ролуна чакырат. Актриса катышкан «Римские каникулы» тасмасы мюзикл менен кошо популярдуулуктун туу чокусун багынткан. «Оскар» сыйлыгына татыган Одри Хепбернди ошол кезде Голливуддун ханышасы деп атай башташкан. Анын акыркы ролу «Всегда» тасмасында жаралган. Одри Хепберн англис, испан, итальян, голланд жана француз тилдерин мыкты билчү. Кийин ал ЮНИСЕФ тарабынан элчилик кызматына бекитилген. Ал кызмат сапары жана кайрымдуулук иштери менен көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып чыккан. Кылган кызматы үчүн 1992-жылы АКШнын президенти Жорж Буш эркиндик медалы менен сыйлаган. Сомалиге болгон кезектеги сапарында Одри өзүн жаман сезип, бирок дартын колдон келишинче жашырган. Себеби жүргүзүп жаткан иштери үзгүлтүккө учурап, өлкөнүн жарандарына жардам бере албай калам деп чочулаган. Африкадан кайткандан соң, ал дарыгерге көрүнгөндө рак оорусуна чалдыкканын жана айыгууга мүмкүнчүлүк жок экендигин билет. Одри Хепберн Швейцариянын Толошеназ деген кичинекей шаарчасында  63 жаш курагында оорудан улам каза болот. Популярдуу актрисанын бою 170 см болсо, ал эми салмагы 45 кг болгон.

Актрисанын жеке жашоосу

Актрисанын жашоосундагы эң чоң сүйүүсү анын биринчи күйөөсү Мэл Ферер болгон. Ал Одриден 12 жашка улуу эле. Ошол учурда актрисанын ташы өйдө кулап, карьерасында мыкты сунуштар тынбай болуп турган. Ал эми жолдошу Мэл жумушсуз калып, үйдө отургандыктан аялына ичкүйдүлүк кылып, жинденип кетчү. Бирок Одри карьерасына караганда, үй-бүлөсү тууралуу көбүрөөк ойлонгон. Жолдошу менен акылдашып, ар тараптан ага колдоо көрсөтүп, ал тургай журналисттерге берген маектеринде да Мэлдин сөзүн сүйлөп жүрчү. Актриса түшкөн сунуштарга жолдошу кошо тартылса гана макулдугун берген. Ал мындай аракети аркылуу жолдошун «Война и мир» романына алып келип, Андрей Балконскийдин ролуна бекитет. Тилекке каршы образ жеткиликтүү аткарылбай, фильм ийгиликсиз болот. Мындай кабар актрисага катуу тийип, боюнан түшөт. Экинчи жолу боюнда болгондо тартуу иштери учурунда аттан кулап, анысынан да айрылат. Кезеги менен келген ийгиликсиздиктин артында Одри Швейцариянын клиникасына түшөт. Ал жакта сыгылып, тамактан баш тартып, күнүнө эки куту тамеки тартууну адатка айланткан. Мунун баарына киноматограф күнөлүү деп, тартуу иштеринен баш тартат. 1960-жылы 30 жашында Шон аттуу уулдуу болот. Бул окуядан соң ал кайра тасма талаасына келип, көпчүлүккө белгилүү «Завтрак у Тиффани», «Моя прекрасная леди», «Как украсть миллион», «Шарада»,  «Двое в дороге» аттуу картиналарга тартылган. Бирок мындан көп узабай актрисанын боюнан 3 ирет түшөт. Бул окуя анын күйөөсү менен ажырашуусуна алып келет. Одри кинодон кетип, жашоосун баласына арноону чечет. Эс алуулардын биринде ал Андреа Дотти аттуу италиялык психиатр менен таанышып калат. Психиатр актрисаны чексиз сүйгөн күйөрманы болгон. Алар баш кошуп, 1970-жылы экинчи уулу Лукту жарык дүйнөгө алып келген. Арадан көп өтпөй жолдошу Одринин көзүнө чөп салып баштаган. Анын мындай иши коомчулукка тарап, үй-бүлөнүн урашына алып келген. Одри Хепберн 50 жашында Роберт Уолдерске жолугат. Ал мырза актрисанын эч нерсесине карабай таза сүйгөн. Одри менен Роберт Швейцарияда анча чоң эмес үйдө бирге түтүн булатып калышат. Актриса кайрадан кино ааламына кайтып келүүсүнө Роберт Уолдерс түздөн-түз таасир эткен. Анткени ал Одриге дем-күч берип, анын көптөн күткөн ишенимдүү сүйүктүүсүнө айлана алган.

Сайкал Илиасова

Булак: “De-facto”

 

 

Последние новости