www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнү өткөрүлдү

Кыргызпатентте жылдын башы эл аралык ойлоп табуучу балдардын күнүн белгилөө менен башталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2020-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылынын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында таланттуу балдар жана ойлоп табуучу өспүрүмдөр чогулушуп, Кыргызстанда биринчи жолу ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – балдар техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүү, колдоо көрсөтүү жана өбөлгө түзүү. Учурдагы турмуш агымы көптөгөн ата-энени түйшүктөн бошотпой, балдар менен бирге болуусун чектеп жатканы талашсыз. Албетте, ата-эненин көңүл буруусун эч нерсе алмаштыра албайт, бирок балдар көп нерсени оюнга аралашуу менен билери, таанып чыгары шексиз. 

Иш-чаранын алкагында авиамоделдештирүү, электроника, баштапкы- техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класстар өтүлүп, робототехника,таланттуу балдардын технология жана жашыл инновациянын мыкты долбоорлору, балдар техникалык чыгармачылык боюнча көргөзмөсү уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости