www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, “Ош – түрк дүйнөсүн маданий Борбору” ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу аземдин алдында уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов Президент Сооронбай Жээнбековго Ч.Айтматов атындагы ТҮРКСОЙдун ардактуу төш белгисин анын түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн тапшырды. Мындай төш белги буга чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын бир тууганы Роза Айтматовага тапшырылган. Кыргызстанда бул төш белги мамлекеттик ишмерге биринчи жолу тапшырылууда.

Сооронбай Жээнбеков көрүүчүлөр менен биргеликте театрлаштырылган оюн-зоок программасын жана түрк дүйнөсүнүн маданий ишмерлеринин гала-концертин көрдү жана ошондой эле сөз сүйлөп, Ордолуу Ош - Борбордук Азиядагы үч миң жылдан ашкан тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар экенин белгиледи.

“Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” катары жарыяланышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти.

Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору деп жарыялоо  боюнча салтанаттуу аземдин ачылышына Азербайжан, Босния, Казакстан,  Македония, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан кыргызстандыктар келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости