www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 11 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаевге жана Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм», - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунда «Toyota Camry» машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Кырсыктан 11 кишинин өмүрү кыйылып, 29 киши жабыркаган. ИИМинин маалыматына караганда, каза болгондордун сегизи Казакстандын, үчөө Өзбекстандын жарандары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости