www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Колуңду берчи"

АҢГЕМЕ

Түн бир оокум. Асман бетинде жаркырап турган сансыз жылдыздарды каардуу булут каптап, бир да жылдызга жаркыроого мүмкүндүк бербей кыйнайт. Бул учур караңгыны жазданып, үмүт шооласы кире албаган, буга чейин бейтааныш бөлмөдө бала жалгыз жатты. Апасынын ысык алакандарын тынбай издеп, күнөөсүз наристе ширин уйкуда кыйналып, издегенин таба албай кайгылуу жатаар эле.

Энесинин мээримге толгон жылуу алакандарына зар, кайра-кайра төшөктөн колун бери созуп, белгисиз, багыты жок жолдордон апасынын бүт дүйнөнүн мээримин кармап турган алаканын издейт. Түн койнунан түрө издеп табылбаган ысык алакандар үчүн бейкүнөө наристе эч ким сезе алгыс эң терең кайгы жаштарын өзү да байкабаган таризде акырындан көзү жумулуу агызаар да, үмүтсүз эне алакандарын кайра эле издеп кичинекей колдорунун жылуу денеге тийүүсүн сансыз каалап тургансыды…

*     *     *

Бала эле, апасынын кеткен жолдон кайра кайтып келбей калуусун түшүндө  көргөн да, андай болуусу мүмкүн экендигин билбеген чыгар. Ооба, чын, эми гана алтыга чыгып турмуштун оор сыноолору эмне, уу-чууга салган сырлары эмне экенин туя билбеген бала эмне болуп, эмнелердин болушу мүмкүн эмес экенин кайдан биле алсын. Жыты жыпар да, коюну эң жылуу энесин жөн гана коё берүүнү, алыста болуусун каалабай периште бала энесинин этегине асылып, коё бергиси келбей, эмне жол болбосун апасы менен бир болууну каалап ыйлап жатты. Балким жаш балада болсо эне-бала сезимдери алдыда болчу тагдырды сездирип, көңүлүнө салган чыгар. Канткен менен пландалган учууну жаш баланын каалоосу кантип токтотмок.

Оштун заңкайган аэропортунда чоң энесинин колдорун кармап мөңгүдөн агып түшкөн булактын тамчылары кирпиктерине асылып, энесин алыстан карап кала берди. Апасынын карааны уламдан-улам алыс калып, акырында көрүнбөй калды.

Кутмандын наристе жүрөгү башкача боло түштү, кыпкызыл каны агып турган тамырынын бири үзүлүп калган сымал, белгисиз көрүнүш биринчи жолу жаш денесинде болуп өттү.

Наристе деген аруу деген ушул белем, бираз туруп кек кылып сүйлөбөй, кайра унутуп эле сүйлөп, ыйлап турган жеринен күлүп, ойноп кете берет. Азыр гана апасынын кетүүсүнө каршылык көрсөтүп ыйлап жаткан Кутманалы кайра эле күн болуп булуттан чыга келди. Апасынын кеткенин да унутту, кайрадан кадимкидей ойноп, чоң энесинин колунда чоңоюп барат. Алыстагы апасы менен интернет аркылуу сүйлөшүп, алыста экенине да көнө калды.

Интернет деген шумдук экран аркылуу да океандын ар жагындагы адамдарды тоо арасында кой кайтарып жүргөн адам менен да жүзмө-жүз сүйлөштүрүп, адамдын оорун жеңилдетип койгон тура. Анткен менен, бул кургурдун да жаман жагы болот турбайбы, адамдык ыйык сезимдерди аста өчүрүп, адамзатты сабырсыз кылат. Сагынуу, күтүү, сүйүү деген ысык сезимдер күндө жанында болбосо да көрө берип сезимдерин өчүрүп, сыйдан да, урматтан да ажыратат сыяктуу.

— Апа, кандайсыздар? Үйдөгүлөр жакшыбы, оорубай элесиздерби? Кутманчик жүрөбү? Силерди сагындык.

— Жакшыбыз айланайын, өзүңөр. Жаркын балам жүрөбү? Ден-соолуктары жакшыбы?

— Жакшы шүгүр , апа. Апа, акча салайын керегиңиздерди алып алгыла. Кутманчикке кийим алып берип коюңузчу.

— Макул, айланайындарым десе.

— Жаркын менен Жылдыз жокпу? Алар менен сүйлөшөйүн дедим эле.

— Жок, алар жумушта. Мен азыр келдим жумуштан. Түнкү сменде иштеп атам. Силер менен сүйлөшөйүн деп уктабай күтүп олтурдум эле.

— Жакшы, жакшы иштеп атасыңарбы? Сен түнү иштесең тамак-аш, кийим-кече эмне болуп жатат. Жылдызга баарын таштабай жардамдашып тур э.

— Тамак жасап коюп кетем, апа. Баарына жетишип жатам, жакшы эле. Апа, менин бөйрөгүм ооруп жатат окшойт. Кээде тургузбай ооруйт. Эмне кылсам?! Дагы 1-2 ай иштеп анан кайта берсем окшойт. Кутманды да сагындым. Барып дарылансам жакшы болот эле.

— Сен келе берсең Жаркын менен Жылдыз эмне болот? Ким аларды карайт?!

— Апа, “кыз” деле жаш эмес го, агасына карап тура алаар. Мен дарыланып эле кайтам кайра.

— Сен эмне эле ооруй бересиң, жакшына жүрүп эле оорудум дей берет экенсиң да. Оорудум десең, ооруй бересиң. Кичине чыдап дагы алты ай иштеп турсаң анан баарыңар чогуу кайтасыңар. Барганыңарга эми алты ай болуптур, кичине чыдап тур эми.

Айжан кайненеси макул болбогонун уккандан кийин, кете албасын билип оорусун ичине катып, иштей берүүнү туура көрдү. Назик, гүлдөн да назик  келин эмне үчүн ооруп жатканын биле албай ойго да чөгүп баратты. Айжандын дагы бир өзгөчө кыялы бар эле, уккан оор сөздөрдү да, көз караштарды да оор кабыл алат. Орусияга келгени кайын сиңдисинин айткан сөздөрү, жумуштун көптүгү болуп жүрүп көңүл жагынан да, физикалык жактан да чарчап калган эле. Байкуш кыз, ич сырын эч кимге да айтпай жүрө берди. Кимге айтат?! Өз энесине айтып, аны да санаага салууга даабады. Эмнеси болсо да, убакыт секунддап өтсө да мекениме кайтам деп чыдап иштей турууну эп көрдү. Бирок, Айжандын бул чечими эң туура эмес жол болчу. Бул оору, чарчоо, сөөгүнө жетип токтогон сөздөр анын түбүнө жетер эле. Ал өзүн күчтүүмүн деген менен ал сабагына колуң тийгенде соолуй калган кызгалдак эле.

Таң эле, ошол күн Айжан жумуштан эрте кайткан. Үйгө жеткенин жана  кыйналып тургандыктан муздак суу алып ичкенин билет, калганы ээсинде жок. Анткени ал ошондо эле эсин жоготуп, бозоруп кургап калган тоону элестетип муздак жерде жатты. Канча жатканын ким билет, жумуштан качан келгенин ким билет?! Жаркын жумушка баратканы көрө койду да, башы маң эмне кыларын билбей, чогуу жашагандарды чакырып, оорууканага алып барышты. Албетте, кеч болчу. Айжан Кудайдан жардам сурап муздак жерде көпкө жатты, кыймылдоого дарманы жок, бир гана Алладан жардам күттү.

Жаркын келгени ал көзүн эбак чарчоодон, алсыздыктан айласыз жумган. Жаны кейип көз жаш төккүсү келди. Аттиң, ошол убак ал көз жаштар да агып кетүүгө дарманы жок чыкпай койду. Ооба, анан белгисиз күчкө багынып көзүн жумду да, эч нерседен кабары жок башка ааламда жүрдү. Оорусун да, өзүн да, үй-бүлөсүн да унутту. Денесин кыйнап турган оору бир убак жоголду да калды.

Байкуш жаны ооруну жеңе алаар күчү калбаган өңдүү, келери менен жандандыруу бөлүмүнө которулду. Врачтардын айтуусунда ал жан эми кайтпайт эле, кайтууга эч мүмкүнчүлүгү да, күчү да калбаган. Айжандын эми бул жашоонун акыркы үндөрүн, сөздөрүн угуучу күндөрү келип калган болчу. Врачтар Жаркындарга келип : “Жубайыңыз эми өзүнө келиши күмөн. Ошого коштошуп алсаңыздар болот. Биз куткара албайбыз. Балким сиздин сөзүңүзгө зар болуп жаткандыр. Ал сизди уга алат. Ошого сүйлөшүп чыгыңыз”, — деп кетти.

Эми колунан башка эч нерсе келбеген соң, Айжаны үчүн акыркы жылуу сөздөрүн айтып, кечирим сурап чыкмакчы болуп, Жаркын оорукана бөлмөсүнө кирип кетти. Ушул учурга келип да эмне болгонун, аялы эмне үчүн белгисиз эле жыгылып, көзүн ачпай койгонун биле албай турду.

“Айжан, эмне болдуң? Мен сага түшүнө албадым, жакшы эле жүрдүң эле го, эмне жатып калдың?!  Сен турбасаң биз кантебиз, жалгыз балам эмне кылат. Эртең сенсиз барсам ал мени эмне дейт, ага кантип түшүндүрөм. Ошого сен турушуң керек. Кутманалы үчүн турушуң керек. Апаң эмне кылат. Ушунча элди кыйнап кетпечи, турчу. Жүр, Кыргызстанга кетебиз. Сенсиз мен жалгыз кете албайм. Көзүңдү аччы…

Эмне жазык кылып, сенин ооруп жатканыңды да, кыйналап турганыңды да биле албадым, мени кечир. Эмне үчүн жаныңда жүрүп өзүңдөгү болгон кайгыны биле албадым. Билүүмө койсоң, азыр башкача болмок беле… Эмне мени кыйнап кетип баратасың. Сенсиз кантип жашайбыз?!

Айжан, мен эми эмне кылышым керек, билбей турам. Ай десем айдан жарык, күн десем күндөн жылуу элең. Сенсиз ким мага ай да, күн да болот. Кутманалынын бейиши ким болот, ал кантип сенсиз чоңоёт?! Бизди таштабачы, бизди кыйнабачы. Көзүңдү ач, кетебиз үйгө”.

Аялынын акырындан соолуп бараткан денесин көрүп жаны кейип, дагы эмне деп айтаарын билбей, башка эч нерсе айтууга дарманы жетпей чыгып кетти. Оозу-мурдуна тагылган аппараттар, үстүнө жабылган аппак шейшеп Айжандын мурдагыдан алда канча арыктап, алда канча өңүнөн азып калганын даана көргөзүп турду. Буга чейин эмне үчүн байкабады экен, Айжан аябай эле өңдөн кетип кыйналганы билинип турган болсо керек. Же басып жүрсө өлбөйт, кыбырап турса болду деген ой болду бекен?! Эми гана даана байкап, баам салып караса, Айжанда терисине жабышкан сөөктөр менен эле, бозоргон өңү калган эле.

Байкуш аял, эне эмнелерди гана баштан өткөрдү, эмнелер үчүн өзүн ичтен жеп, минтип бул абалга жетти экен. Ар бир адамзат ар кандай болгон сыңар Айжандын да эмнелер оюнан өтүп, эмнелер жүрөгүн өйүткөнүн ким билет. Жердеги периште өңдөнгөн бул сулуу жан сырын да, кыйнаган оорууну да ачылып көбүнө айта бербес эле. Ошол кайненеси менен сүйлөшкөндөн кийин эч кимге айтпады да, билдирбеди. Акыры эки ай аралыгы ошол оорунун курмандыгы болуп оорукананын бир бурчунда жаны үчүн күрөштү. Анын жеңишке жетери күмөн эле, ал болгон күчүн буга чейин эле алышып жатып жоготкон болчу.

Жаркынга врач келди да, эч күтө бербеген сөздү айтты: “Биз аппаратты өчүрөбүз. Анын жашоого болгон мүмкүнчүлүгү төмөндөп кетти. Биз өчүрбөсөк да жүрөгү бүгүн эртең же токтойт, даярдыгыңарды көрүп, акыркы айтаарыңарды айтып калгыла. Эми ал жашоого кайтпайт”.

Жаркын эмне айтарын билбей турган жеринде катты. Эмне болгону менен эми Айжан акыркы бекетке жетип, акыркы маршрутуна отурар мезгили келген эле. Жаркын эми коштошууга аялынын жанына кирди. Көзү жумулуу кезде ушундай сулуу эле, мурдагыдай жылмайып тургандай жатты. Жаркын жакын келип бозоруп, сөөктөрү даана байкала түшкөн колдорун кармап, көз жаштарын төгө салды. Айжандын колдору астадан муздап баратты, ошондо да мурдагыдай мээримдүү, сүйкүмдүү эле.

“Айжаным, эми эмне айтаарымды да билбейм. Мен эч качан минтип эрте бири-бирибизден ажырап, акыркы сөздөрүмдү бул өңдүү айтам деп кыялданбадым эле. Сени менен бирге карып, сенин жүзүңдөгү сансыз бырыштарды көргүм келчү. Анткени сен картайсаң да мен үчүн ошол күнкү жыйырма жаштагы Айжан болуп кала бермек элең. Картайганда неберелерди бирге карап, тарбиялап, аларга жомок айтып берип, бул өмүрдү толук бирге басып өтөбүз деп кыялдандым эле. Не үчүн сен шашылып кетип баратасың, эми мен кимди картайганда жүзүнө карап бырыштарын санап, неберелериме жомок айтып берем. Кетпечи… — аргасыз ыйлап жиберди. — Мен үчүн бул дүйнө сенсиз эми кантип толук болот? Кутманыбыз үчүн сенсиз эми кантип таң атат? Сенсиз менин куштарым эми кантип сайрайт. Кетпечи… (Врач келип тезирээк чыгуусун суранды).

Өзүң тандаган жолдо сени кантип жалгыз жөнөтөм, коркосуң. Эмнеге мени күтпөдүң. Чогуу кетер элек. Эми коштошор мүнөттөрүм келген чыгар. Айжаным, сен үчүн кылган адилетсиздиктерим үчүн мени кечир. Сага жасай албаган нерселерим үчүн мени кечир. Кылган каталарым, күнөөлөрүм болсо кечир. Менден да, бул жашооңдон да ыраазы бол. Кош бол. Тиги дүйнөдө чогуу болгонго дейре, көрүшкөнчө кош бол, ардагым. Мени таштап баратканыңа дагы да ишене албайм. Мени кечир, сага жакшы мамиле кылып, мыкты жолдош боло албадым. Кош бол…”- деп колдорун өөп койду да, жаштарын токтото албай сыртка чыгып кетти. Анан жашооңдон адамдын чыгып кетиши оңой нерсеби, кайра кайтпас жолдо кетип баратса.

Адамзаттын жашоосу ушул экен да, бир күнү жаркырап бул жарык дүйнөгө келип бирөөлөрдү кубантасың да, белгисиз күнү бул өмүрлүк сапарың карып, жакындарды сыздатып кете берет экенсиң.

Муздак денени кучактап зар какшап Жаркын бүгүн эле Кыргызстанга кайтууга жол алды. Эми Айжандын сөөгүн салт менен жерге берип, акыркы сапарга өз үйүнөн узатуу керек эле.

*     *     *

Боз үйлөр тигилип, Жаркынды күтүп турушту. Барынын оозунда  “Кантип каза болду, жаш эмес беле?”- деген сөздөр эле.

Чын, отузга чыгып чыга элек келиндин бир кез эле каза болуп калышы эс-акылга сыйбас. Үйдөгү болуп жаткан ызы-чуу, толуп келген эл Кутманды таң калтырды. Баары аны аёо көздөрү менен боору ооруп карайт эле. Баарынан да Кутманалыга кыйын болду. Кучактап кучагына, жыттап жытына тойбогон апасы каза болду, эми кимди апалап эркелейт. Кимдин кучагына башын жөлөйт. Бала да, Кутманга эмне болгонун айтышпады. Ал айткан менен кайдан түшүнөт. Бейкапар ойноп жүрө берди, ошондо да кандайдыр жүрөгүндөгү кемчилик, жетишпестик даана сезилип, аста кыйналып баратты. Кичине жүрөгү астадан опкоолжуп, бир орунда турбай туйлай берди. Акылы жетпесе да жүрөгү апасына байланган бала, ошол байланыш үзүлүп баратканын тымызын сезди. Аттиң жүрөк, өзүңдөн алмашкыс орун алган жандар үчүн тынбай туйлап, жанга жай бербейсиң, эх.

Жаркын Айжан менен келди бирок, Айжандын денеси жансыз эле. Келер замат ый-чуу башталды. Боз үйгө топтолгон эл, ары-бери баскан, келген-кеткен көбөйдү. Баары ичи ачышып, боору ооруп келип-кетип жатышты. Баары Айжандын жаштыгын айтып, жалооруй жан тартып ыйлашты. Энелик бакытты дааналап көрө албаган, жашоонун гүлдүү бактарын кыдырып жетишпеген жаш келиндин мынтип кокустан каза болуп калышы өкүнүчтүү эле.

Айжандын апасына кабар эми гана берилип, кудасынын тууганы каза болду деп чакырылды. Апасы келген учур аны карап турган аёо көздөр, жалооруй караган жандар аны кичине сестентип койду. Эч нерседен кабары жок эне боз үйгө кирер замат бакырып ыйлап, бул дүйнө укса угулар жер жүзүнө дат салып ыйлап эстен танды.

Врачтар дары-дармегин берип өзүнө келтиришти. Көзүн ачар замат Жаркындын апасына жүз багып: “Баарына сен күнөөлүсүң, эгер сен жөнөтпөгөндө кызым азыр жанымда болмок. Сен күнөөлүсүң, сен кылдың баарын. Эми Кутманалы энесиз өсөт, эми байкуш эне мээриминен өксүк чоңоёт. Кантип эле жакшына жүргөн балам ушинтип өлүп калсын, силер кылдыңар. Кызымды тирилткиле, жанын бергиле”,- деп ыйлап сүйлөп жатты, бери жакта тургандар кой-койлоп жатышты. Жаркындын апасы унчукпай күнөөлүү өзү болгон сыңар, үнсүз гана туруп берди.

Өлүм деген кандай суук э, Айжандын апасы ушул келген күндөн буттары жакшы иштебей, кайра-кайра эстен танып, дары менен адам болуп жатты. Энелик мээрим, эненин жүрөгү үшүп, ишене албады. Энелик бакытты, жашоонун таттуу даамын сезип үлгүрбөгөн кызынын аянычтуу өлүмүнө ишене албай, ар кимди бир, өзүн бир, тагдырды бир күнөөлөп ыйлап жатты. Эгер мүмкүн болсо кызынын ордунда жансыз өзү жата берүүгө кайыл болуп, Айжандын жансыз денесин кучактап коё бербей олтурду. Баары түшүнөт, бул сезим — энелик өчпөс сезим.

Жашоого төңкөйбүзбү же тагдырды өзүбүз тандайбызбы, болуп өткөн иш эч качан артка кайтпас өңдүү. Канча кайгырсаң, канча зарласаң да өтүп кеткен өмүргө, аткарылып бүткөн ишке эч качан ээ боло албайт экенсиң. “Эгер” деген сөздү айтканың менен убакыттын тизгинин кармап, аны башкара албайсың. Аркаңдан бир гана өкүнүү калат. Болгону, өз убагында жашап калуу жана өкүнүүгө жол бербес чечимдерди чыгаруу керек. Анткени ушулар гана биздин колубузда.

Түн кирген ушул убак Айжандын апасы, жалгыз кызы менен бүгүн акыркы жолу бирге жатып, анын жытын жыттоону эңсеп, боз үйдө жалгыз жансыз дене жана тээ илгери Айжан эки жаштан он сегиз жашка чейин жашап өткөн эскерүүлөр калган болчу. Эне кызынан кечирим суроону, ага айтпай калган жакшы сөздөрдү  денени жерге берүүдөн мурда айтып калууну каалады.

*     *     *

Кутманалы кичине бала болгондугунан аны апасына алып киришкен жок, балким эртең кирер. Бүгүн аны чочуп калбасын деп кошунасынын үйүндө жүрүп тур дешти. Кутманалы кошунасынын үйүнө келип, ушул жактан чай ичип, ушул жакта ойноп, ушулар менен жүрдү. Сөз арасы Кутман: “Аки апама бир нерсе болгон окшойт, мени боз үйгө киргизбей коюшту. Аки апамда мени менен сүйлөшпөй атат”,- деп кошуналарынын жүрөгүн эзди. Жаш баланын үмүткө толгон көз карашы жан дүйнөңдү эритип, сансыз санаага салат чыгар.

Кошунасынын үйүндө уктап жаткан наристе түшүбү же балалык сезимдериби, айтор апасын чакырып, жылуу алакандарды, мээримдүү кучакты издеп жатты. “Апа, колуңду берчи, апа кетпечи”. Балким апасы улагы менен коштошууга түшүндө аппак периште кийимин кийип келгендир. Апасын сагынган бала колу менен төшөк ичинен апасынын колун издеп, туптунук көз жашын уктап жатып да агыза берди. Жалгыз жаткан баланын бул абалын эч ким көрбөгөнү менен, жакын ар бир инсаны күмөнсүз сезип турушту. “Апоу, сен кайда баратасың? Сенин колуңду кармагым келип жатат. Колуңду берчи…”

Автору: БИБИНУР ЖЫРГАЛБАЕВА

Булак: Рухэш

Последние новости