www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

Талапкер жана азыркы президент Петро Порошенко добуш берүүгө жубайы жана уулу менен келди.

«Бизде элдин эркин тандоосу бар жана демократиялык салт корголгон – дал ушул нерсе Украинанын европалык мамлекет экенин мүнөздөйт. Беш жыл аралыгында биз өз өлкөбүздү европалык үй-бүлөгө кошуу багытында абдан чоң прогресс жасадык», - деди Порошенко.

Ал эми экинчи талапкер Владимир Зеленский добуш берип жатып: «Бул Украинанын жана украиналыктардын жеңиши болот. Биз украиналыктарды бириктире алдык» деди. Эгер шайланып калса, биринчи кайсы көйгөйдү чече турганы тууралуу суроого «коррупция жана согушту» деп жооп берди.

Шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салууда.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.

18-апрелде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, шайлоочулардын 57,9% Владимир Зеленскийге, 21,7 пайызы Петро Порошенкого добуш берүүгө даяр экенин көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости