www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-февралда Ноокен районундагы Кара-Булак айылында курулушу башталган жаңы мектептин пайдубалына келечек муунга кайрылуу жазылган капсуланы салуу аземи салтанаттуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Саид Баюми катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аземде жергиликтүү элге кайрылуу жасаган төрага Талант Мамытов жаркын келечек үчүн балдардын билим деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгына токтолуп: "Биз аларга татыктуу, заманбап билим беришибиз керек. Коомдун өнүгүшү балдарыбыздын билимине жана тарбиясына көз каранды. "Ааламга жол айылдан башталат" - дегендей, ушул мектептен келечекте өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн эмгектенген уул-кыздар чыгаарына терең ишенем", - деп белгиледи.

Алсак, эски мектептин имараты 120 окуучуга ылайыкташтырылган, бирок азыркы тапта анда 294 окуучу билим алат. Ага ылайык, окуу үч нөөмөттө жүргүзүлүп, кошумча имарат куруу муктаждыгы чоң.

Ал эми жаңы мектеп имараты 220 орунга эсептелген. Анын курулушу үчүн 540 чарчы метр жер тилкеси бөлүнгөн. Бардык заманбап окуу куралдары, компьютер класстары менен камсыздала турган мектеп имараты 2021-жылдын сентябрында ишке берилээри мерчемделүүдө.

Андан сырткары, төрага Талант Мамытов Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ноокен районундагы Киров айылында курулушу башталган алгачкы бала бакчанын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Айыл элин куттуктап, Саид Баюми жетектеген "Ассанабил" кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирген төрага, аталган фонд өлкөнүн бардык аймактарында социалдык өнүктүрүү чөйрөсүнө тиешелүү кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырып жатканына токтолду.

Эскерте кетсек, "Ассанабил" кайрымдуулук фонду калктын аярлуу катмарына жана жаштарга багытталган ар кыл долбоорлор үстүндө жигердүү иш алып барат. 20 жылдан ашуун убакыт аралыгында бир катар социалдык мекемелер курулуп, грант түрүндө мамлекетке берилген. Алардын катарында мектеп, медициналык жайлар, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү борборлору, бала бакча, аз камсыз жарандар үчүн мекемелер бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости