www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Амалдуудан сөз качып кутулбайт турбайбы? Үч жыл мурда Галдирбай деген термин абдан көп пайдаланылып, куудулдар эле эмес ак жакалуулар деле ушул терминге басым жасап калышкан. Анан баары эскиргенде кайра жаңы терминдер пайда болот экен. Маселен, ушул тапта пахта койгучтар деген кычкыл сөз таратылып жатканы бекерден эмес. Аны да кыраатына келтирип айтканды билиш керек. Надира Нарматованын ушул лексикону бүгүнкү күндө кеңири таркап жаткан кези. Көрсө эбине келтирип жаза алса ал кулакка да, көзгө да жагымдуу болорун баамдадык.

Илгери даңгел, шапа люкс деген терминдер сахналарда гана эмес эл ичинде көбүртүлүп-жабыртылып айтылып кеткен. Жетим жүгүрүк деп желпингендердин да өзүнчө карманган “принциби” бар десек болот. Көрүнгөнгө эле бул кытыгылуу кептерди жабыштыра беришпейт. Ошол сөзгө бап келгендерди айткан кезде ого бетер дуу күлдүрөт укандарды. Айтор, бул жагынан да алдыга эч кимди салдырбай калдык окшойт. Пахта койгучтар болсо эгиздеп, сегиздеп көбөйүп баратышат.

Буйруса алардын жоон тобу мындан ары аракетин кыймылга келтиришет. Анткени “түшүм чогултуу” мезгили босогого келип калбадыбы? Айрыкча пахтаны мезгилин өткөрбөй туруп койчулардын ооматы артат. Андайлардын “тукуму” өсүү жолунда экенин кырдаал өзү айкын байкатып турган учуру. Чамасы пахта коюу боюнча мелдеш уюштурулса алдыга озуп, байгеге татыктуу болчуларды акыры марадан көрчү мезгил да келип калар? Чиркин, жөн оокатыбызды кылбай калдык го…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости