www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын орун басарлыгына барган генерал Өмүрбек Суваналиевдин бул кадамдарын мактагандар арбын болууда. «Катани» каймана аты бар Суваналиевдин бул кызматка барышын түрдүү себептерге байлап, кай бири Атамбаевдин күчтүү каршылашы катары алып келди десе, кээ бири Таластагы жазда болуп кетүү ыктымалдыгы бар митингдерге карата кадамдар деп болжолдошту.

Суваналиев буга чейин азыркы бийликтин оппоненти делген Бабановдун ишенимдүү кишилери катары шайлоодо жүргөнүн баары эле билет. Таза, тажрыйбалуу кадр экендиги талашсыз.

Бирок, айрым эксперт, саясатчылар баамдап жаткандай Талас тарапка «тапталып» жаткан кадр катары кароо ашыгыраак. Суваналиев Таластык экени чындык, кадыры да жаман эмес, бирок ал жактагы жамандык-жакшылыкка, саясий ар кандай жүрүштөргө, маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышкан эмес.

Демек, ал Талас  тарапка барып колун өйдө көтөрүп «тынчтангыла» дей албайт. Катани катары анын эмгектери Таласка караганда Бишкек баш болуп, Нарын, Ысык-көлгө көбүрөөк тийди. Андыктан, бул жагын көздөп жатса көп жеринен жаңылып калышы мүмкүн.

Булак: "Факты.кж"

 

Последние новости