www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карамушкина "мыш" болду

Бүгүн парламентте эл өкүлү Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин белгилеп, ал кездеги парламент депутаттарын жана төраганын жоопкерчилигин козгоду.

Мындай пикирге ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков “ак ниет менен чын дилибизден башчыларга ишенип колдоп бергенбиз. Өкмөт тарабынан тездетип бергиле деп суранган. Кредиттик макулдашуу боюнча бардыгынын колунан өтүп бизге келгенде биз ратификацияны колдоп бергенбиз” деди. Мыйзам долбоору ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган кат менен келген. Жээнбеков биздин талап уурулар жооп бериш керек деди.

Ал эми ошол убакта тийиштүү комитетти жеткетеп турган Каныбек Иманалиев “Ирина Карамушкинанын логикасынын деңгээлине таянсак 120депутаттардын бардыгын камап,спикерди жыл сайын камап туруш керек ”-деген нааразычылык сөзүн кошумчалады деп жазып чыкты Фейсбуктагы "Билип ал" тайпасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости