www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сары-Өзөн-Чүйдөй кенендиги, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, майда-барат сөздөргө маани бербегени, ошол эле кезде куйкум кептин чебери, тамашакөй Туйгун байкеге коңгуроо кактым. Адатынча суроолорума «жок» дебей, ачык маанайда баарлаштык.

-Туйгун байке, «Кыргызтудей» сайты жазыптыр го, сизди БАЭден Атамбаев менен жолугушканыңыз боюнча… Ошол чынбы?

– Жолугушканым чын. Бирок, ортодо сый-урмат менен сүйлөштүк. Мен эртеңки элибиздин тынчтыгы, туруктуулук үчүн баарлаштым. Байкеңди билесиң да, дайыма эл тараптын пикирин айтат…

– Сөзүңүзгө аралжы, чыр-чатактар болгон жокпу?

-Бегалы ошентип жазып, кылдан  кыйкым издегендей интрига жасаптыр. Мен ал жигит боюнча ой-пикирим түз, бирок, адамды кемсинткендей, шакаба кылгандай «шилтей» берсе туура эмес. Мен сын-пикирди көтөрөм, анан чектен чыга берсе болбойт да. Эң башкысы, Атамбаев менен Жээнбековдун элдешүүсү элибиздин биримдигине жол ачат.

– Сиздин экс-президентке жолукканыңыз боюнча президентке жамандап барышып, упай топтогондор болушу мүмкүн…

– Мен ал жактан келгенден кийин Сооронбай Шариповичке жолугуп, ортодо болгон маселе боюнча талкуулаштык.

– Сиздин Атамбаев менен учурашканыңыз, кандай мааниде жолугушканыңыз коомчулукка кызык болууда?

– Эми Аслан, экөөбүз бул темада мурда эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Мен самолетко түшүп, кокусунан бизнес класста Атамбаев менен чогуу отуруп калдым. Эски достор жакшы мааниде сүйлөшөт да…

Асланбек Сартбаев

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости