www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр 14-апрелде ARD каналына курган маегинде украин-орус чек арасындагы соңку абалга байланыштуу Москваны күнөөлөдү. Немис министри НАТОго мүчө өлкөлөр Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат деген дооматтарды четке какты. Крамп-Карренбауэр Москва Украина менен чек арасына жана аннексияланган Крымда аскерлерин жайгаштыруу менен чатак чыгаруу максатында атайлап чагым уюштуруп жатат деп айтты:

"Орус тарап кырдаалды козуткусу келип, чагым салып жатат. Бирок биз Украина менен бирге алардын оюнуна жетеленбейбиз".

Орусия аталган аймактарга апрелдин башынан тартып аскерлерин кошумча жайгаштыра баштаган. Киев 12-апрелде орус аскерлеринин саны 80 миңге чамалаганын билдирген. Мындай абалга Украина жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып, Орусия Донбасска өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан болушу ыктымал деп кооптонушкан.

Орус бийлиги аскерлерин кайсы бир аймакка жайгаштыруу өзүнүн ички иши экенин айтып, аны артка кайтаруудан баш тартып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости