www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Идирги ишинен, “иттиги” көп Иса

 

Саясатта "саз" жашагандын секретин Иса Өмүркуловдон сураш керек. Анткени, Иса мырза кайсы маалда, кимге сыйкырдуу сөзүн айта калганды жакшы билет. Дегенибиз, Исакебиз бийликтеги президентке жагалдануунун жолдорун жакшы өздөштүргөн. Мисалы, досу Атамбаев президент болуп турганда аны журт атасы дегенге чейин барган. Сөзмө сөз келтирели: "Президент Алмазбек Атамбаев - отец народа, гарант конституции" - деп, абактагы Текебаев президентке импичмент жарыялаганда айткан экен.

Эми болсо Алмазбек Атамбаев досунан жүз буруп кеткенден бери, бир топ саясий оюндардын автору болуп жатат окшойт. Ал кечээ Би-Би-Сиге маек берип жатып, эски досу АШАны болушунча шыбап, ага карата азуусун көрсөттү.

Кайран эргул, Атамбаев бийликте турганда бир ооз сөз айта албай жүрчү эле. Мынча эр-жүрөк экен, ошол учурда АШАнын коррупциялык иштерин ачык айтып, бөгөт коюуга аракет кылса болбойт беле? Убагында уялбай АШАны мактап-жактап "Журт Атасы" деп жүргөнун кайда катат? Кайран киши, ушул сөздөрүн кичине эртерээк АШАнын доорунда айтканда го чиркин. Ысыгында айтканда бүгүнкүдөй «хамелеон», саткын аталбай, баатыр болуп чыга келет беле атаганат...

Эми жоо кеткен соң кылычын көтөргөндө не пайда? Эми бу кишинин да тили чыгып калыптыр. Артындагы калбырынан коркуп жатат го сыягы. Темир жол ишканасы, Бишкек мэриясы деген сыяктуу иштеринин артында илинчек сөзсүз түрдө бар болуусу керек.

Булак: “Факт.кж” гезити

 

Последние новости