www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Шейшенкулович, КСДПнын саясий кеңеши сизди партиядан чыгарган жыйынын мыйзамсыз деп эсептеп, 3апрелде саясий кеңеш партиянын кезектеги съездин өткөрөт деп жарыяладыңыз. Бул аракет ажырым кетип турган КСДПны биротоло экиге бөлүп салуу эмеспи?

- КСДПнын эки ажырым болуп ажыраганы ушул да. Мени партиядан себепсиз, мыйзамсыз чыгарганын ажырым деп айтсак болот. Баса белгилеп айтып коёюн, алардын аракети мыйзамсыз болуп, ал жыйында саясий кеңештин саналуу эле адамдары болгон. Бир нече жолу жыйындын протоколун, саясий кеңештин кайсыл мүчөлөрү катышканы тууралуу тизмени, ким эмне деп айтканын бергиле деп сурадым. Бере алышкан жок. Демек, андай нерсе жок. Мыйзамсыз чечим болгондуктан партияда эле калгам. Бүгүнкү күндө деле КСДП партиясынын мүчөсүмүн. Бул партия бирөөнүн жеке менчиги эмес. Эгерде менин менчигим деп Адилет министрлигинен каттоодон өткөн болсо, баары бөлөкчө болмок. Бирөөнүн менчигинен баарыбыз чыгабыз. Эгерде партиянын ичинде өзүнүн оюн, көз карашын айта турган демократия бар болсо, “Сен Исаков, Кулматовду коргобойсуң” деп четинен чыгара берүү туура эмес да. Ошондуктан биз партиянын легитимдүү мүчөсүбүз. 3апрелде партиянын кезектеги съезди болот деп 4-мартта чогулдук, кворум болду. Саясий кеңештин мүчөлөрү катышты. Юридикалык жактан эч кандай маселе жок. Жыйындын чечими менен 3-апрелде КСДП партиясынын кезектеги 18- съезди деп бекиттик.

- Сизди саясий кеңештин мүчөлөрүн топтобой эле партиядан чыгарса, Атамбаев өзү каалаган адамды партиядан чыгара бергенби?

- Мен ошондой деп ойлойм.

 - Сизди чыгаруу дагы жеке өзүнүн демилгеси болгонбу?

 - Кимден демилге чыкканын билбейм. Ал жыйынга катышкан эмесмин.

- Ошол жыйынга барган саясий кеңештин мүчөлөрү да 3апрелде өтчү съезде чакырылдыбы?

- 4-марттагы жыйынга катышкан саясий кеңештин мүчөлөрү мурунку жыйынга катышкан эмес деп ойлойм. Жыйында 31-октябрдагы чечимди мыйзамсыз деп добуш беришти.

 - Ирина Карамушкина чакырылабы?

- Айрым депутаттарды чакырдык. Ирина Карамушкинанын позициясын билебиз. Бизге жаңжалдын кереги жок. Съезди чакырып жатканыбыздын себеби, партиянын ичинде ажырым кетти, көз караштар эки башка болуп калды. Ошондуктан, ажырымга чекит коюшубуз керек. Ким кайсыл тарапта экенин ачык билели да. КСДП тарыхы бар чоң партия. Саясий кырдаалга сөзсүз түрдө таасир берет. Ошон үчүн коомчулук эмне болуп жатат деп карап турат. Биз  съездге 300 адам деп квота коюп жатабыз. Аймактардын баарына маалымат кетти. Баштапкы уюмдардын баарында жыйын өтүп, делегаттарды аныкташы керек. Биз менен макул болбогон партиянын, саясий кеңештин мүчөлөрү  баштапкы уюмдун жыйындарына катышып, делегат болуп келип катыша беришсин.  Съезд партиянын эң жогорку органы, ал жерде баардык маселелер чечилет.

- Өмүркуловду дагы Атамбаев “Сен Исаковду, Кулматовду колдобой койдуң” деп камактагы “балдарына” боору ооруп партиядан чыгарган болуп калабы? Же “Атамбаевсиз КСДП” кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушканыңыз себепкерби?

- Мен жеке өзүм ошол кыймылдын өкүлдөрүн чакырып кабыл алган жокмун. Аны өздөрү деле айтып жүрүшпөйбү. Менден башка саясий кеңештин мүчөлөрүнө дагы кайрылып жатышат. Саясий кеңештин айрым мүчөлөрү камалганда жеке өзүм пикиримди айткан жокмун. Себеби, иликтөө иши бүтсүн, чынтөгүнүн көрөлү, иликтөөнүн жыйынтыгы менен маалымат алалы деген көз карашта болдум. Азыр иликтөө иши аяктап, иш сотко ашты. Сот кимдин кандай күнөөсү бар экени тууралуу чечим чыгарат. Ошондон кийин өзүмдүн позициямды айтам. Бүгүн абактагыларга коюлуп жаткан дооматты жакшы билесиздер. Бишкек ЖЭБ жана башка иштер боюнча коррупция менен айыпталууда. Соттун чечими жок алар таза же күнөөлүү деп айтуу логикага да туура келбейт.

(уландысы бар)

Маектешкен Темирлан Токтоболотов , “Жаңы ОРДО”

Последние новости