www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кубанычбек Бекбосунович, “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, абактан сынбай чыгышыңыз менен...

-Рахмат

-Азыр ден-соолук кандай?

-Ден-соолук Кудайга шүгүр, жакшы.

-3 жыл абакта жатпадыңызбы, ушул аралыкта бийлик сындыруу аракетин көрүп, ден-соолукка залал келтирген окуя болгон жокпу?

-Оору-сыркоодон алыс болдук, Атамбаев иштеп турган убакытта бизди криминал менен рамкага салып басым кылабыз деген аракеттери ишке ашкан жок, биз катуу турдук.

-Көбүнчө эмне менен алек болуп убакытты өткөрүп жаттыңыз?

-Саясатта кайнап жүрүп көп китеп окубай калыптырмын. Абдан көп китеп окудум. Жашоого, саясатка болгон көз карашым өзгөрдү. Спортко басым жасаганга аракет кылдым.

-Абакта өткөргөн 3 жыл ичинде артта калган мезгилди көз алдыңызга элестетип, саясатта кайсыл жерден жаза басканыңызга анализ жүргүздүңүзбү?

-Чынында абакта жатканда басып өткөн жолго анализ кылганга абдан көп убакыт болду. Ошол жакта Далай Ламанын китебин окудум. Далай Лама “Ким артка кайта турган болсо, ал жаман киши. Болор иш болуп өттү. Ал тарых. Кетирген кемчилигиңди кайталабай, алдыга жылыш керек” деп айтыптыр. Ошол сыңары биз дагы алдыга умтулуп жатабыз. Жаңылдык деп айтсам туура эмес болуп калат. Себеби, биз эч кандай кылмыш ишин жасабаганбыз, мыйзамды бузбаганбыз, бийликти басып алууга бир да жолу чакырык жасаган эмеспиз. Бирок, күнөөң жок ак жериңден эле соттоп жиберсе ойлонот экенсиң. Атамбаевдин башкаруу мезгилинде мыйзамдын иштебегендигин башыбыздан өткөздүк. Түшүнүктүү болуш үчүн фактылар менен айтайын. УКМК 2016-жылы 6-февралдан баштап биздин телефонубузду тыңшаганын айтышты. Булар КЖКны одоно бузушкан. КЖК боюнча менин телефонумду тыңшоого алыш үчүн соттун санкциясы керек эле. Буларда соттун санкциясы болгон эмес. Мындан сырткары кылмыш иши козголуп, андан кийин телефонумду тыңшоого алышы керек болчу. 6-февралдан баштап телефонумду тыңшоого алышса, кылмыш ишти 12-мартта козгошуп, 24-мартта камакка алышкан.

-Сизди камоо операциясынын башында Атамбаев турганы белгилүү эле болгон. Бирок аны ким ишке ашырганын так билесизби?

-22-мартта Аксыда Уңгар-Тоо боюнча чоң митинг болгон. Аксы элинин чакыруусу менен биз дагы ошол жерге барганбыз. Митингде мага да сөз берилип, ошол жерде Атамбаевдин колунан өлкөнү өнүктүрүү келбей турганын ачык айтканмын. Ошол жерде УКМК төрагасынын орун басары полковник Чоткараев да жүргөн. Бизди камоо операциясына Атамбаев менен Сегизбаев Чоткараевге тапшырма берип,  тапшырманы аткарганы үчүн кийин ага генералдык чинди берип, АКСке башчы кылды. Атамбаевдин колунан өлкөнү өнүктүрүү келбей турганы ачуу болсо да чындык экенин айтканыбыз үчүн камаганы факт. Ал убакта президент-Атамбаев, прокурор-Атамбаев, сот-Атамбаев, УКМК-Атамбаев, ИИМ-Атамбаев болуп калган болчу. Ал баарын өзүм билем дегендей кылды. Менин айтканым мыйзам дегендей кылып, бийликти узурпациялап алды.

-Садыр Жапаровду сындыруу үчүн кескилегенге чейин барышпадыбы. Сизди дагы сындырууга ар кандай жолдорду издеп көрдүбү?

-24-мартта камакка алып, УКМКга тергөөгө келгенде тергөөнүн чоңдору бизге  “Силерде эч кандай күнөө жок. Бизди дагы туура түшүнгүлө. Мыйзам бузуу жок болсо дагы кылмыш ишин ачканга тапшырма келип түшкөн” деп айтышкан. Экинчиси, “Атамбаевден “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, биз туура эмес иш кылыптырбыз” деп кечирим сураган катты ушул кабинетте эле жазып берсеңер, Сегизбаев катыңарды Атамбаевге алып барып берет, бүгүн эле бошойсуңар. Ал катты Атамбаевден башка эч ким окубайт” дешти. Биз Атамбаевден кечирим сурап кат жазганга макул болбой койдук.  Күнөөң жок экенин билип турсаң, өзүңө бекем ишенесиң да. Мага кысым кыла алган жок. Жигиттер, мыйзамсыз иш козголуп жатканын өзүңөр айттыңар, Атамбаев да, Сегизбаев да бийликтен кетет, убакыт келгенде сөзсүз менин ордума олтурасыңар деп башында эле айткам.

-Сизге кысым кылганга духу жетпесе, жакындарыңызга кысым жасалдыбы

-Жакындарыма кысым катуу болду. Атама мыйзамсыз кылмыш ишин козгошуп, камайбыз деп аракет кылышты. Эл Караколго көтөрүлүп барып, камоо тууралуу санкция берген сот оорукананын арткы эшиги аркылуу качып кетип, кайра эле ошол күнү кечинде атамды камоо санкциясын жокко чыгарды. Иним прокуратура кызматкери. Ага да мыйзамсыз иш козгошуп, 2 күн камап чыгарышып, жумушунан алышты, аны да сындыра алышкан жок. Иним жумуштан мыйзамсыз бошотулганын райондук, шаардык, жогорку соттон далилдеп утуп алса дагы, ордуна кайра коюшпады. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин гана соттун чечими аткарылып, иним өзүнүн ордуна кайра барып олтурду. Өзүмдүн күйөө баламды кызматтан алышты. “Мени эмне үчүн жумуштан алып жатасыңар?” деп сураса, “Сенин кайнатаң Улуттук оппозициянын лидери. Сен ошон үчүн арызыңды жазып беришиң керек” деп айтышыптыр. Эки бир тууган инимди жумуштан кетиришти. “Манас” аэропортунда иштеген бир тууган карындашымды дагы жумушунан төмөндөттү. Анда Албек Ибраимов жетекчи эле. “Эмне үчүн?” десе, “Жогор жактан ушундай буйрук болду” деп айткан. Бир тууган кайнимди дагы сот болууга эң жогорку бааны алганына карабастан мыйзамсыз өткөзбөй коюшкан.

(Уландысы бар)

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости