www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан берилген материал боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарында жашаган 1973-жылы туулган С.М. аттууга карата кылмыш ишин козгогон. Жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматы  боюнча 2018-жылы күзүндө укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшүп, анда алдоо, коркутуу жолу менен жабырлануучунун ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, анын 350 000 АКШ доллары турган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 6280,0 кв. метрлик кыймылсыз мүлкүн (пансионатын) ээлеп алган С.М. аттуга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Текшерүү жүргүзүүдө белгилүү болгондой, мурда жабырлануучу менен С.М. аттуунун ортосунда бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүшкөндүгү аныкталган. 2010-жылы жазында арыздануучу  С.М. аттуудан бизнести жүгүртүү үчүн 60 000 АКШ долларынан ашык акча каражатына бааланган бир нече автоунаа менен акча каражатын алган. Эки жылдан кийин С.М. акча каражатын талап кыла баштагандыгына байланыштуу ишкер күрөөгө коюлган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан пансионатынын башкы күбөлүгүн берген.

Аныкталгандай,  С.М. аттуу жаран жеке пайда табуу кызыкчылыгын көздөп, жогорудагы кыймылсыз мүлктү жакын тууганына каттатып койгон. 2016-жылы ишкер өзүнүн карызын жабуу максатында баасы 
125 АКШ доллары турган жалпы аянты 168,0 кв.м. түзгөн батирин ага берген. Бирок, шектүү ишкерди адаштырып, алдамчылык иш-аракетин жасап ири көлөмдөгү зыянга дуушар кылган. Карызын алган соң батирди башкага сатып, ал эми 2018-жылы ишкердин макулдугу жок кыймылсыз мүлктү (Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионатты) үчүнчү жакка сатып жиберген. Ал өзүнүн иш-аракети менен ишкерди 350. 000 АКШ долларлык зянга учураткан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери  тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын негизинде алдамчылыкка шектелген жаран кармалган.
Кармоо учурунда шектүү баасы 100.000 АКШ дооллары турган 2018 –жылкы “Лексус LX 570” үлгүсүндөгү автоунаада болгон.
Криминалдык милиция кызматынын УККБнын маалыматы боюнча 1973-жылы туулган С.М. аттуу жаран мурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “положенец” макамы менен таанымал болуп, өзгөчө оор кылмыш иши үчүн 30 
жылган эркинен ажыратылган криминалдык авторитеттин жакын тууганы болуп эсептелинет.

Азыркы учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Кыргыз Республикасынын УКМК  менен биргеликте кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатышат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости