www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарында Россиянын аба базасынын аскер кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты Турмуш басылмасы билдирди.
Маалым болгондой, жансыз дене 16-декабрда табылып, өлүкканага жеткирилген.

Россиялык ММКлар билдиришкендей, Энгельстен Кантка келишим түрүндө иштөөгө келген аскер кызматкеринин аты-жөнү Владимир Щебланов. Ал 15-декабрдан, тактап айтканда кызматка чыкпай калгандан баштап изделип баштаган.

Saratovnews басылмасынын маалыматына караганда, Щеблановдун өлүмүнүн себебин ачкандай кийин дүйшөмбү күнү айтылат. Андан соң, анын сөөгү Россиянын Саратов облусунун Энгельс шаарына аскердик учак менен жеткирилиши керек.

Владимир Щебланов согуштук аракеттердин мүчөсү болгон, ИИМдин Энгельстеги башкармалыгында кызмат кылган. Бир нече сыйлыктары бар. Акыркы жылдары Кант шаарындагы Россиянын аба базасында иштеп жаткан. Эмгек өргүүсүн Энгельстен өтчү. Кийинки жылдын сентябрь айында пенсияга чыгууну пландап жаткан. Владимирдин артында аялы жана 6 жаштагы уулу калды. Январда маркум 40 жашка толмок.

Аталган аба база аскер кызматынын өлүмү тууралуу пикир берүүдөн баш тартышты.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости