www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Кочкоровго КАЙРЫЛУУ

КРнын социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровго Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну Сасыкулов Качкынбайдын үй-бүлөөсү туурасында

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Улугбек мырза! 
Кепти ток этээринен баштасак Жумгал районунда болгон сапарымда 19-кылымда жашап жаткан үй-бүлөөгө кезиктим. Мындан башкача салыштыруу колумдан келбеди, тилекке каршы... Сасыкулов Качкынбайдын үй-бүлөсү ушундай шартта жашап жаткандыгына карабастан жубайынын гана арзыбаган пенсиясына таянышат экен. Анткени, чарбага карызы көптүгүнө байланыштуу өзү пенсияга чыга албай жүрөт. Качкынбай аксакалды да туура түшүнсө болот, анткени, жубайынын эки көзү тең көрбөгөн, 1-топтогу майып. Аны карап, үйүнөн чыга албай эки колу жипсиз байланып, чарбачылыгы калып кеткен. Натыйжада жер салыгы жана башка төлөмдөрдү убагында төлөй албай, карызы көбөйө берип ушул ахыбалга келип калышкан экен. Кимдерге кайрылганын жубайы Кадыркулова Элмира айтып берди, жыйынтыгын көрүп турасыздар. Кыскасы, ушул үй-бүлөнүн бүгүнкү ахыбалына көз салып көрүңүзчү!

Сиздин карапайымдар үчүн жасап жаткан аракеттериңизге коомчулукта жакшы пикир бар! Демек, үмүт бар! 
Терең урматтоо менен замандашыңыз...
(Байланыш телефондору:0700363636, 0707120683...)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости