www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 18-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында коомдук коопсуздукту сактоого киришкен ички иштер органдарынын кызматкерлери менен милициянын кызматкерлери саптык кароодон өтүштү.

Иш-чара Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн Маданий борбору  болуп жарыяланганына байланыштуу ачылышына карата маданий-массалык  иш-чараларды өткөрүүгө арналды.

Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Сапар Асаналиев, ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Ыманалы Саркулов, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов, Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, башкармалыктардын башчылырынын орун басарлары, Ош ОИИБ менен Ош ШИИБдин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын өздүк курамы жана башка берилген күчтөр катышышты.

Саптык кароону өткөрүүнүн негизги максаты масштабдык маданий-массалык  иш-чараларды өткөрүү маалында коомдук тартип жана жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов:

“Саптык кароо майрам, салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызматтарын алып баруу үчүн өткөрүлөт.  Кыргыз Республикасынын ИИОнун эң негизги тапшырмаларынин бири-милицияга болгон калктын ишенимин арттыруу. 

Ар бир милиция кызматкери жогорку профессионалдык сапаттарга ээ болуш керек.  Анткени милиция коомдук кызмат болгондуктан, кызматкердин тыкан сырткы көрүнүшүнө, укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгы жөнүндө жарандардан келген билдирүүлөр менен арыздарга өз убагында аракеттерди көрүү керек.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн Ош шаарынын бардык аянттарында, сейилдөө бакчаларына, эс алуу жайларына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгилейбиз”,-деди

Андан сырткары саптык кароодо өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматтык  күбөлүгү жана атайын каражаттарынын бардыгы текшерилди.

Саптык кароонун аягында иш-чаранын бардык катышуучулары аянтта  салтанаттуу марш менен өтүшүп, андан соң ички иштер органдары коомдук  коопсуздукту сактоого киришти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости