www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ушул мезгил аралыгында Жогорку Кеӊештин Өкмөткө Инвестицияларды тартуу жана коргоо жаатында берилген 36 тапшырмасынын 29у аткарылды, дагы 7си аткарылып жатат, бирок айрым бир кыйынчылыктар да жок эмес. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров парламент жыйынында “Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Жогорку Кеӊештин токтомун аткаруу алкагында «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому түзүлдү. 2018-жылдын ичинде 419 кепилдик боюнча 507 млн сом көлөмүндө каражат берилип, 1225 жаӊы жумушчу орду ачылды. Ошону менен бирге, өткөн жылдын жыйынтыгында Кепилдик фонду 25,6 млн сом өлчөмүндө киреше тапты», - деди Замирбек Аскаров.

Депутат Дастан Бекешев азыр бирдеме кылгандан көрө эчтеме кылбай эле тынч отура бергенден өтөрү жок болуп калганын айтты. Ал Өкмөт байкуш эч нерсе чече албай калганын, өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшырталы десе, укук коргоо органдары менен сот тутуму анысын аракетин жокко чыгарып салып жатканын кошумчалады.

Депутаттын айтымында, сот органдары чечимдеринин көбүн бюджеттин пайдасына чечип жатканы байкалып турат. «Өкмөт өлкөдө сот жана укуктук реформалардын ишке ашуусуна аракет жасабаса, инвестициялык абалдын жакшырышы кыйын. Ансыз силердин кол алдыӊарда иштеген кызматкерлер болбогон нерселер үчүн түрмөдө отуруп калат, эгерде эч нерсе жасабаса – аракетсиздиги үчүн отурушат», - деп кошумчалады Дастан Бекешев.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров депутаттын сунушу Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алына турганын билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов азыркы учурда кен концентраттары «Мега инвест өндүрүш» компаниясы Кыргызстандын экономикасына 95 млн доллар инвестиция салып, алтын кенин ылгоочу ишкана куралы десе, Өкмөт аларга кайдыгер мамиле жасап жатканын белгиледи. «Өкмөт менен иштешебиз деген мындай ишкерлерди колдош керек, алар мамлекетке пайда гана алып келет», - деди ал.

Былтыр кен иштетүүгө лицензияларды берүү жол-жоболору убактылуу токтотулганын эске салган вице-премьер-министр «Мега инвест өндүрүш» компаниясы жөнүндө маалыматы жок экенин, эгер инвестиция салас десе, аны менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. «Азыр лицензия боюнча жаӊы жобо кабыл алынды, эгер ал бизге кайрылса, эч кандай деле тоскоолдуктар болбойт», - деди ал.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Карыбек Ибраев ал компаниясы кен ылгоо ишканасын куруудан тышкары, Кадамжай районунда жайгашкан кенди да сурап жатканын билдирди. «Ал кен конкурстук объект болуп саналат, ал үчүн конкурска катышыш керек. Кен ылгоо ишканасын куруу маселеси боюнча тоскоолдук жок», - деди ал.

Белгилей кетсек, “Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому 2016-жылдын 31-мартында кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости