www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын ИИМинин Башкы иликтөө бөлүмүнүн улук кызматкери Евгений Кузин 25 миллион рубль пара алганы үчүн кармалды. Бул тууралуу “Коммерсант” гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эки ай мурун Москванын Пресенск соту тарабынан Евгений Кузин көп суммадагы пара алганга шектелип камакка алынган. Ага 70 эсе айып пул салынып, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Соттун маалыматы ылайык, аталган иш боюнча ФСБнын мурунку кызматкери, азыркы пенсионер Игорь Фролов камакка алынган. Тергөөчүлөр аны ортомчу деп эсептейт. Фролов 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ММКлардын маалыматы боюнча, Кузин менен Фролов Аслан Усояндын (Дед Хасан) тууганы делген Миро Телоянга кылмыш ишин козгобоо үчүн андан  акча алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости