www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер үйдө кышы бою жылуулук берген мештин зыяндуу жагы да бар. От туура эмес жагылса, меш жараксыз абалда болсо, андан чыккан уу адамдын ден соолугуна доо кетирип, көп учурда өмүрүн алып тынат. Мындай кырсыктан жабыр тарткан адамга биринчи жардамды туура көрсөтүү менен анын өмүрүн сактап калса болот. Ал эми кырсыктын алдын алуу үчүн атайын чараларды колдонуу керек. Бир айда алты адам каза тапты
1. Иске ууланып каза болгон факты быйыл биринчи жолу Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылында катталды. Анда жашаган үй-бүлө мештен чыккан иске ууланган. Үч адам каза болуп, 13 жаштагы бала оор абалда ооруканага түшкөн. Доктурлар анын абалын оор деп баалашууда.
2. Ал эми 10-январь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы келин эки баласы менен иске ууланды. Окуя 20-январь түнү болгон. Үй ичиндеги мешке көмүр жагып, ошого ууланып калышкан. Кошуналары бир күн мурун эшигин такылдаткан учурда ачпай коюшкан. Эч ким билбегендиктен, уулангандар эки күн үй ичинде жатып калышкан. Каза болгон уулу 7, кызы 5 жашта болчу. Ал эми балдардын атасы Орусияда иштеп жүргөн.
3. 2019-жылдын 10-декабрь түнү Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын биринде жашаган үй-бүлө иске ууланган. Алар түнкүсүн мешке көмүр жагып жатышкан. Мындан улам үй-бүлөдөн беш адам ооруканага жеткирилген. Чоң эне, эки небереси, келин-уулу оор абалда болчу. 34 жаштагы келин эсине келбей каза болгон.
4. 2019-жылдын 11-февраль күнү Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйдөн өрт чыгып, жалгыз калган үч наристе иске ууланып калган. Балдардын улуусу төрттө, кичүүсү бир жарым жашта болгон. Бөбөктөр №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө келип түшкөн.
5. 2019-жылы 20-февралда Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7- класстын окуучусу апасы экөө каза тапкан. Ис газы Ис газы (көмүртек кычкылы, СО) түрдүү күйүүчү заттардын (кездеме, желим бөтөлкө ж.б.) толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыккан түссүз, жытсыз уу. Мешти жагуу эрежеси бузулгандан (мештин боорунда тешиктер болсо, мор бүтөлүп калса) келип чыгат.
1. Ис аба менен барып адамдын дем алуу органдарына кирет.
2. Өпкө аркылуу кан тамырларга барганда ис гемоглобин менен реакцияга кирип, карбоксигемоглобинди пайда кылат. 3. Карбоксигемоглобин кычкылтекти клеткаларга жеткирбей тосот, жыйынтыгында организмде кычкылтек жетишсиздиги пайда болуп, бардык мүчөлөрү менен системаларынын иши бузулат.
4. Кычкылтектин жетишсиздиги борбордук нерв системага, жүрөккө биринчи зыян алып келет. Иске уулануунун деңгээли жана белгилери Уунун бөлмөгө таралуусуна жараша уулануунун даражасы болот.
Жеңил уулануу: алсыроо, баш оору менен коштолот, кулак тунуу, баш айлануу, кургак жөтөл, аба жетпей дем кыстыгуу, жүрөк айлануу, кан басымдын көтөрүлүүсү.
Орточо уулануу: Жогорудагы симптомдорго шал болуу, көздүн көрүүсү, угуу сезими начарлоо кошулат. Көкүрөк тушу кысылып аба жетпей тумчугат.
Оор уулануу: адам акыл-эсин жоготуп комага түшөт. Териси көгөрүп, калтырай баштайт.
Мындай абал 3 мүнөткө созулуп адам өлөт.
Биринчи жардам
— Дарыгерге чейинки биринчи жардам иретинде оорулууну тез таза абага чыгарып, нашатырь спирти сиңирилген кебезди жыттатуу керек.
— Тар, демин кыскан кийимдерден бошотуу керек.
— Эгер адам эс-акылы менен болсо жылуулап жаап, ысык чай же кофе берүү керек.
— Эсин жоготуп койгон болсо пульс, дем алуусун текшерип, жасалма дем алдыруу жасоо зарыл.
— Кан айланууну жакшыртуу үчүн көкүрөгүнө, жаагына, таманына массаж жасоо керек.
— Дем алуусу байкалса кырынан жаткыруу керек. Себеби эсине келип кусканда кусундусун жутуп тумчугуп калуу коркунучу бар. Доктурлар бейтапты 7-10 күн аралыгында дарылашат. Кандын курамындагы карбоксигемоглобинди жок кылып тазалоо үчүн атайын тамчылатма дарылар куюлат.
Уулануунун кесепети эмнеге алып келет?
Медиктер уулануудан аман калган адамдын ден соолугунда солгундоолор болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Булар – узакка созулган баш оору, эгер мээде кан айлануунун процесси катуу бузулган болсо, көздүн көрүүсү бузулат, үндөрдү ажыратып угуу жөндөмү төмөндөйт.
Эс тутум начарлайт. Уулануунун даражасына жараша адам инсульт алат. Иске уулануунун алдын алуу
— Жеке менчик үйдөгү газ жабдыктарына, мештин техникалык абалына кылдат байкоо жүргүзүү керек. От жагуу сезону башталарда мешти, газ түтүктөрүн адистерге көрсөтүү кажет.
Бул эрежени жылына бир жолу сактаса жетиштүү.
— Жатарда салган от жакшы күйдүбү, түтөгөн жокпу, кылдат текшериңиз. Жылжып жаткан отту ошол бойдон калтырып уйкуга кеткен кооптуу.
— Жылуу болсун деп бөлмөдөгү аба кире турган жылчыктардын баарын бүтөгөн болбойт.
— Мешке көмүр салгандан кийин от дүркүрөп күймөйүн мештин астыңкы бөлүгүн жаппаш керек. Эгер жаап салган болсоңуз, быкшып мештин ичинде газ пайда болот. Ал жылчык аркылуу бөлмөгө тарайт.
— Мештин морун айына эки жолу текшерип туруңуз. Морго көө толуп бүтөлүп калганда да меш жакшы күйбөй түтөйт.
— Бөлмөдө ис чыкса белги бере турган электромеханикалык датчиктер сатылат. Ис чыгуу коркунучу жаралса, датчиктин жарыгы өчүп-күйүп белги берет.
Анара Дүйшөналиева
Булак: Леди.кж