www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргон РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин катышуусундагы "Менин милициям мени коргойт" кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Бул маданий иш-чара Бешик-Жон айыл аймагынын Бай-Мундуз айылында №22 орто мектепте өткөрүлдү. Конкурс 10-класстын окуучулары арасында уюштурулуп, суроо-жооптор, ыр-бийлер менен коштолду.
Мындан сырткары өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Оюндарга район аймагындагы Кызыл-Ай, Жаш-Ленин, Чоң-Курулуш айылдарынын жаштары катышышты. Окуучуларга милиция кызматкерлери тарабынан мектеп рекетчилиги жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Булак: NazarNews.kg