www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы сотко чейинки өндүрүштөгү иш боюнча Сот департаментинин чиновниктерин колго түшүрүштү. Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук сотунун имаратын ремонттоо боюнча конкурстун жүрүшүндө сот департаментинин айрым жооптуу кызматкерлери келишим түзүү үчүн ишкерден чоң өлчөмдөгү пара алышкан.

Кармалгандардын кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги боюнча түздөн-түз далилдер топтолгон. Шектүүлөр департаменттин жооптуу кызматкерлери. Алар Сот департаментинин статс-катчысы, ушул эле мекенин башкармалыгынын башчысы, башкы адис жана инженер бар.  

Күн мурун кылмышка шектүүлүгү боюнча билдирмени Сот департаментинин мурдагы директору Рустам Ибраимов дагы алган. Кылмышка шектүүлөр камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости