www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Түндүк" Бажысынын мурунку башчынын орун басарын мурда бажыда иштеп кеткен кызматкери сабап салды. Ал болсо мурунку ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил экени белгилүү болду.
Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, окуя өткөн жылдын 27-декабрында Лебединовкадагы кафелеринде орун алган. Белгисиз адамдар "Түндүк" бажысынын орун басары Автандил Конгантиевге кол салган. Натыйжада Конгантиевдин кабыргасы жана бет жаагы сынган.
Кол салгандардын арасында, такталбаган маалыматтар боюнча, Ош бажысынын мурунку кызматкери бар деген божомолдор бар.
Эске салсак, 2018-жылдын август айында ал Ош областынын айылдык кеңешинин депутатын мылтык менен коркуткан. Ошол окуядан кийин Э.К аттуу тургунга кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак генерал Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевге кол салгандар, Рахманберди уулу Төлөгөн, Эмил Кимсановдун аттары аталса, калган үчөө изин жашырып качып кеткен.
Булак: NazarNews.kg