www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерди жасоого шектелген  жаранды кармашты. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2015-жылдын аягында шаардын тургуну болгон ишкердин ишенимине кирип, 69 миң сомдук товарын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү башында ишкерди курулай сөздөр менен алдап, андан соң изин жашырып кеткен. 2019-жылдын февраль айында ички иштер органдарына жабырлануучудан арыз түшүп, анда алдамчылык фактысын көрсөткөн.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки иликтөө башталган. ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогорудагы алдамчылык иш-аракетине Ысык-Көл облусунун 1984-жылы туулган Дж. У. аттуу жошоочусунун тиешеси бар экендигин аныкташкан.

КМКнын УККбнын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Мурда ал опузулап талап кылуу беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2019-жылдын 15-февраль күнү тергөө  тапшырмасынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Дж.У. аттуу кармалып, ИИБге тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилди.  Сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости