www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ысык-Көл” биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча  2019-жылдын 1-мартында парламенттик угуулар өтөт.

Кыргыз Республикасындагы “жашыл” экономикага өтүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши Жогорку Кеңештин тармактык Комитети менен бирдикте 2019-жылдын 1-мартында саат 11.00 дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору боюнча  парламенттик угууларды өткөрөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасындагы “жашыл” экономикага өтүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңешинин ишинин чегинде иштелип чыккан (2018-жылдын 28-июнундагы №2532-VI КР Жогорку Кеңешинин токтому).

Ыссык-Көл көлүнүн акваториясынын жаратылышын жана экологиясын коргоо боюнча иштин көңүл чөгөрөрлүк абалына карата экологдор, активистер, жарандык секторлор тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын саны өсүп бара жатканынан улам, Коомдук кеңеш тарабынан Ысык-Көл биосфералык аймагын туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүнө жана келечегине көңүл бурууга, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын изилдөөгө, айлана чөйрөгө полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган сунушталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо, ошондой эле ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоого чечим кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости