www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 28-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук 
кеңешинин мүчөлөрү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборуна барышып, “Коопсуз шаар” пилоттук долбоорунун ишинин сапатын баалашты. Мониторинг борбору жайгашкан Бишкек ШИИББи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешин ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов жана Мониторинг борборунун башчысы Гульмира Баратова тосуп алып, Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө борбордун операторлору кантип иштээрин көрсөтүштү.

Мониторинг борборунун башчысы Гульмира Баратованын айтуусу боюнча Аппараттык-программалык комплекстен (кесилиштердеги камералардан) транспорттук каражаттардын жалпы агымынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандар тартылып алынган соң маалымат техникалык операторго келет. Андан соң ЖКЭ бузгандарды тартып алуу менен маалыматтык тутум автоматтык түрдө маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык базасынан алып турат”-деп билдирди ал.

“Андан соң, операторлор бул маалыматты иштеп чыгышып, жол кыймылынын 
коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар бузууларды 
электрондук кол коюу менен тастыкташып, автоматташтырылган маалыматтык 
тутум автоматтык түрдө почта операторуна өткөрүлүп берилет. Почта менен 
алектенген оператор катты даярдап, жол кыймылынын эрежесин бузгандарга 
жөнөтөт. Анан кат жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга жетет.”-деп Гульмира Баратова билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин Төрагасы 
Ялкун Даутов борбордун кызматкерлерине кайрылып, “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудагы 20 күндүн аралыгында социалдык тармактарда маниторинг жүргүзздүк, калк арасында жаралган маселелер боюнча суроолорду бүгүнкү күнү биз борбордун кызматкерлерине бергенде, тиешелүү так суроолорду алгандай болушубуз керек деп билдирди. Биз аталган долбоор кантип ишке ашып жаткандыгын өз көзүбүз менен көрдүк. Бүгүнкү күнү “Коопсуз шаар” долбоору туруктуу ишке ашып жаткандыгын ишенимдүү айта алам жана 
баарыбызды кубандырып жатат. Аталган долбоор ишке ашууда жол-транспорттук кырсыктын саны азайды. Андан сырткары, фото-видеокамераларды ишке киргизүү менен мамлекетте коррупцияга каршы жүрүп жаткан саясатты ийгиликтүү ишке ашырууга түрткү берип, укукбузуучулар жоопкерчиликтен качуу үчүн ИИОнун кызматкерлери менен түздөн-түз байланышууга жана айып пул төлөбөй коюуга жол бербейт.”-деп Ялкун Даутов айтты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү “Коопсуз шаар” долбоорунун Бишкек шаарында гана эмес, республиканын баардык 
аймактарында дагы ишке ашырууга жардам көрсөтөөрүн айтты деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости