www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алып баруучу Салтанат Саматованын атасы Орозбек Түгөлбаев бүгүн кызынын туулган күнү экендигин, кызын ажалга алдырып ийген тагдырга наалат айтып алып баруучуну эскерип төмөнкүлөрдү жазды.
"Бүгүн менин балам, булбулум Салтанатымдын туулган күнү! Бардык бир туугандарын, жакындарын, досторун Сакинимдин туулган күнү менен куттуктайт! Ушундай баланы төрөп берген байбичем Жумабүбүгө түбөлүк ыраазылык билдирем!
Сакиним бүгүн 47 ге толмок! Балам элине кызмат этип, таланты ташып турганда арабыздан кетти! Бир уул, бир кызы артында калды. Аларды күйөө балабыз Нурбек аталык мээримине бөлөп чоңойтуп атат! Нурикке Сакиндин арбагы да, биз да ыраазыбыз!
Бүгүн-эртең биздин үй-бүлөдө Сакинибизди эскерүү болот! Дайыма ар күнү таңда, түштө, кечте балабызды эскерип, арбагына бата кылып, жүрөгүбүздөгү сүйүүнү, сагынууну билдирип турабыз!
Сакинди билген кымбаттуу мекендештер! Силер да Салтанатты эскерип койгула! Сакиндин жаркырап келген жаздын 1-күнү төрөлгөнү, анан өмүр бою жаркылдап жашаганы бекер эмес чыгаар! Баарыңарды жаркыраган жазыңар менен куттуктайм! Бардык жакшылыктарды каалайм! Жамандык көрбөгүлө!"- дейт Орозбек Түгөлбаев.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын 15-августунда кыргыз маданиятынын сап башында турган телеалпаруучу, ди-джей, тамадалардын бири Салтанат Саматова рак илдетинен каза тапкан. Алып баруучу узак убакыттан бери рак илдети менен күрөшүп келген.
Ал ММКлардын бирине маек берип жатып "Бул илдет менен күрөшүп келе жатканыма 5 жыл болду. Жыйынтыгы да ийгиликтүү болуп жатат. Башым дайыма ооруй берчү. Томографияга текшерткени барсак "жубайыңыз рак экен" деп ошол күнү эле дарыгер жолдошума айтыптыр. Ал болсо мага айткан эмес. Анда кызыбыз 5 айлык эле болчу. Жолдошум баланы мага көтөртпөй колумдан ала калып, мээримдүү болуп калды. Өзү эле камкор болчу, бирок ордумдан турсам тура калып, отурайын десем орун бошотуп, мамилесин кадимкидей өзгөрттү. 3 жума жашырып айтпай жүрдү. Өзү байкуш ичинен сызып, түн ичинде мага көрсөтпөй ыйлачу экен. Мени ээрчитип алып рентгенге, томографияга алып барып "дарыгерлер билбей жатат, таппай жатат" деп койду. Ооруга чалдыкканымды укканда "дарыланам, айыгам!" дегем. Себеби ракты өзүнө ишенген адам гана жеңе алат"- деп айтканы бар эле...
Булак: NazarNews.kg