www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык IRI уюму жыл сайын саясатчылар ортосунда сурамжылоо жүргүзүп, кимге эл көбүрөөк ишене турганын жарыялайт. Быйыл, 2018-жылдын жыйынтыгы менен өткөргөн сурамжылоодо бир нече саясатчылардын ысымы аталып, сурамжылоого коюлган. Сурамжылоодо өлкө башчысы алдыңкы орунду ээлеп, катышкандардын 27%ы президентке ишеним арта турганын көрсөткөн. Андан соң А.Мадумаров 14%, Бабанов 13% ишенимге ээ болушкан. 2017-жылы элдин 36% ишенимине ээ болгон экс-президент А.Атамбаевге, 2018-жылы элдер ишенбей калганын далилдешкен.

Ага болгону сурамжылоого катышкандардын 3%ы гана жакшы деп баа беришкен. Бир жыл аралыгында Атамбаевге болгон элдин ишеними 33%га түшүп кеткен.

2017-жылы президенттик шайлоонун алдында Атамбаев, «С.Жээнбековдун кадыры 3% эле болчу», – деп айтып, ал сөзүн быйыл дагы кайталаган. Бирок, 2017-жылы ошол эле IRI уюму уюштурган сурамжылоодо С.Жээнбековго 10% эл ишеним көрсөткөн. Жыл айланбай Атамбаевдин кадыры кайрадан 3% болуп калды.

Булак: "Кабар инфо"

Последние новости