www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эмне көп? Май куюучу жайлар, тойкана, анан албетте, университет көп. Жогорку билим берүү тармагы качан эле бизнеске айланып, алты жарым миллион элге 52 университет ачылды.

Алар диплом берип чыгарган адистеринин деңгээлин Жогорку Кеңештин сабаты жоюлбаган депутаттары өздөрү эле далилдеп берип жатышпайбы. Билим берүү министрлиги университеттерге лицензия бергенди эле билет экен. Алардын рейтинги такталган эмес, кимиси кандай деңгээлде экенине биздин “реформатор” министрлер кызыкпайт.

Болбосо өлүү жандардын эсебинен жансактап жаткан канча “карлик” университет иштемиш болуп түр көрсөтүүдө. Университеттик билим берүүнүн сапаты көтөрүлбөсө, жакшы адистерди ким даярдап берет? Билими тайкы, сабаты жоюлбаган адистер менен алыска бара албай турганыбызды чаласабат депутаттардан көрдүк го.

Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев ректорлорду “крышовать” эткенди токтотуп, сапатты талап кылбайбы, же болбосо “өзүң каалагандай башкар” деп соколовкалык билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго эки тизгин бир чылбырды бербейби? Ал болсо “Медетбек абам эмне дейт?” деп ректорлорго ооз ача албай отурат.

Университетти бизнеске айлантып алган “түшпөс хан” ректорлор министрди тоготушпай, ошон үчүн айрым университеттер окутуучулук курамдын жайкы эс алуусун 15-сентябрга чейин мыйзамсыз узартып, айлыктарын төлөбөй жатыптыр.

Булак: Азия News гезити

Последние новости