www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Instagramда кат алышуу фунциясы жоюлат

Бул функция өспүрүмдөрдү керексиз байланыштардан сактоо үчүн иштелип чыккан.

Инстаграм социалдык тармагы чоңдордун жашы жете элек балдарга жазылбаса, билдирүү жөнөтүүсүнө тыюу салган жаңы функцияны ишке киргизди. Бул тууралуу Instagram блогунда маалымдалат.

Эгерде чоң адам өзүнүн катталуучусу болбогон өспүрүмгө билдирүү жөнөтүүгө аракет кылса, анда алар сүйлөшүүгө кошула албай тургандыгы жөнүндө билдирүү алышат.

Мындан тышкары, эгер чоң адам "шектүү жүрүм-турумун" көрсөтсө, мисалы, көптөгөн өспүрүмдөрдүн катталуучулары болсо, мындай баракчаны бөгөттөп, даттануу менен ал баракчаны жабууга мүмкүн.

Эгерде Instagram колдонуучунун чыныгы жаш курагы көрсөтүлгөн болсо, бул жаңы функция өзүнүн ишин аткара тургандыгын баса белгиледи. Ошол эле учурда, компания жасалма интеллекттин жардамы менен жашты аныктоо технологиясын иштеп чыгууну улантып жаткандыгын белгиледи.

Жаңы функция ушул айда айрым өлкөлөрдө иштей баштайт жана кийинчерээк дүйнө жүзү боюнча колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости