www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия жана Франция бир катар өлкөлөрдүн Коргоо министрлерин чогултуп, Ормуз кысыгы аркылуу соода агымын калыбына келтирүүгө багытталган аскерий пландарды талкуулашат.
Бул тууралуу Улуу Британия өкмөтү билдирди.
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат:
«Коргоо министри Жон Хили француз кесиптеши, министр Катрин Вотрен менен бирге көп тараптуу миссиянын коргоо министрлеринин биринчи жыйынын тең төрагалык кылат. Жолугушууга 40тан ашуун өлкө катышат».
Эске салсак, буга чейин Казем Гарибабади Улуу Британия менен Францияны Ормуз кысыгына аскердик кемелерди жиберүүдөн карманууга чакырган.
Ал эми Улуу Британия ишемби күнү HMS Dragon аскердик кемесин Жакынкы Чыгышка жөнөтөрүн жарыялаган. Расмий Лондон муну миналарды тазалоо операцияларын колдоо жана кемелерди коргоо үчүн багытталган «толук коргонуу чарасы» катары мүнөздөдү.
Өткөн жумада Франциянын Куралдуу күчтөр министрлиги да өлкөнүн авианосецтик сокку берүүчү тобу Ормуз кысыгынын коопсуздугун камсыздоого багытталган мүмкүн болуучу миссиянын алкагында Кызыл деңизге жайгаштырылганын билдирген.
Улуу Британия менен Франция аймактагы кеме каттамынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык миссия түзүү демилгесин жетектеп, башка өнөктөш өлкөлөрдү дагы кошулууга чакырууда.
Коргоо министри Жон Хили мындай деди:
«Мен HMS Dragon кемесин Жакынкы Чыгышка жөнөтүү боюнча буйрук бердим. Зарылдык жаралса, Улуу Британия бул миссияны колдоого даяр болушу керек».