www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран менен Оман Ормуз кысыгында биргелешкен башкаруудагы убактылуу деңиз коридорун түзүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигине таянып ТАСС жазды.
«Тышкы иштер министрлери Ормуз кысыгында кеме каттамдарын жандандыруу боюнча мындан аркы кадамдардын этап-этабы менен ишке ашырылуучу планын талкуулашты. Бул демилге кысыкта биргелешкен башкаруудагы убактылуу кеме жүрүүчү коридорду түзүүнү камтыйт», — деп айтылат документте.
Тараптар убактылуу коридорду минадан тазалоону биргелешип жүргүзүүгө да макулдашты. Мындан тышкары, Иран менен Омандын тышкы иштер министрлери Ормуз кысыгында туруктуу коридор түзүү боюнча иш алып барууга макул болушту.
Тараптар туруктуу кеме жүрүүчү коридорду макулдашуу жана аны биргелешип башкаруу механизмин иштеп чыгуу боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү улантышат.
Тегеран менен Маскат Перс булуңунда коопсуз кеме каттамын камсыз кылуу жана маалымат алмашуу үчүн Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.