www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-августта саат 02:20 чамасында милицияга «Төлөйкөн» конушундагы үйдөн 35 жаштагы эркек кишинин асынып турган жеринен табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери маркумдун денесинен жаракаттарды аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, эркек киши өзүн-өзү өлтүргөн эмес, анын өлүмү зомбулук аракеттеринен улам болгон.

Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну кармалган. Ал шаардагы аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү адам өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал кылмышка кызганычтан улам барганын билдирген.

Учурда анын көрсөтмөлөрү текшерилип, тергөө иштери уланууда.

Последние новости