www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран менен согуш башталгандан кийин биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөрдү.
Ал АКШ менен Израилдин болжол менен эки жумага созулган биргелешкен соккуларынан кийин “Иран мурунку Иран болбой калды” деп билдирген.
Нетаньяхунун айтымында, бул чабуулдардын натыйжасында Ирандын элиталык аскер күчтөрүнө олуттуу сокку урулган. Ал операциялар Тегерандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратканын жана аймактагы кырдаалга таасир эткенин белгиледи.
Премьер-министр ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп менен дээрлик күн сайын сүйлөшүп турарын айтып, эки лидердин ортосунда ачык жана түз байланыш бар экенин баса белгиледи.
Өз сөзүндө Нетаньяху Израиль Ирандын ичинде бийликтин алмашуусуна шарт түзө аларын, бирок бул иран элинин көчөгө чыгып, нааразылык билдирүүсүнө байланыштуу экенин айтты.
Ал Ирандын жаңы жогорку диний лидери Моджтаба Хаменеи жана «Хезболла» уюмунун лидери Наим Кассем боюнча мүмкүн болгон кадамдар тууралуу конкреттүү пландарды ачыктоодон баш тартты.
«Мен бул террордук уюмдардын лидерлерине өмүрүнө кепилдик бере турган билдирүүлөрдү жасабайм. Биз эмне пландап жатканыбыз же эмне кылаарыбыз тууралуу конкреттүү маалымат бербейм», - деди Нетаньяху.