www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда өлүм жазасы аткарылды

Иранда кичинекей бир кыз баланы  өлтүрүү менен күнөөлөнгөн ирандык Исфахан шаарында элге ачык жерде асылуу менен өлүм жазасына тартылды.

Иран мамлекеттик телекөрөстүүсүнө маалымат берген Исфахан адилеттигинин төрагасы Ахмед Хүсреви Вефа 5 жаштагы Меликени уурдап качкандан кийин кыйноо менен өлтүргөн кылмышкердин Исфаханга караштуу Фелавержан районунун аянтында асылуу менен өлүм жазасына тартылгандыгын жарыялады.

Вефа : «Меликенин канкору Мухаммед Жевад Шемстин өлүм жазасынын аткарылышы элге ачык аянтта ишке ашырылды»,- деди.

Банги заттарды саткан Шемс 5 жаштагы Меликени октябрь айында атасы карыздарын төлөбөдү деген негиз менен уурдап качкандан кийин кызды кыйноо менен өлтүргөн.

Окуядан кыска убакыттан кийин кармалган Шемс сотто өлүм жазасына тартылды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости