www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик демилге менен даярдалган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү, шайлоо системасы, мамлекеттик башкаруунун формасы(түрү), администрациялык-аймактык бирдиктер жана башка мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча, элдин эркин билүү максатында, референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна Н Е Г И З Д Е М Е

Эгемен Кыргызстандын Конституциялык реформаларынын тарыхы.

1.Эгемен Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, кѳз карандысыздыгын жарыялаган алгачкы саясий-тарыхый документтер: Кыргызстандын эгемендүүлүгү (1990ж. 15-декабрь.), кѳз карандысыздыгы(1991ж. 31-август.) жѳнүндѳгү Декларациялар жана 1993-жылдын 5-майындагы биринчи Конституция, Кыргыз Республикасынын 12-чакырылышындагы Жогорку Кеңеши тарабынан, бир нече жолку окуудан ѳтүп, элдик талкууга чыгарылып, элдин, коомдук-саясий бирикмелердин сын пикирлерин, мурдагы СССРдин курамындагы 15 союздук республикалардын толук эгемендүү мамлекетке айлануу процессиндеги тажрыйбаларын эске алып келечекте улуттук мамлекетти, эркин демократиялык коомду куруу жана кыргыз улуттунун кайра жаралышын максат кылып кабыл алынган.

2.Ошол 1993-жылкы Конституциябыз 23 жыл ичинде (1993-2016ж.ж.) 11 жолу ѳзгѳртүлүүгѳ дуушар болду. Анын негизги себептери болуп:

- Президенттердин ѳлкѳдѳ ѳздѳрүнүн жеке бийлигин орнотууга, Жогорку Кеңешти алсыратууга болгон умтулуулары десек туура болот. Жыйынтыктоочу эсеп 9-1 эсебинде Президенттердин пайдасына мамлекеттик бийлик толук узурпацияланып, ѳлкѳдѳ Президенттик үй-бүлѳлүк башкаруу орноду.

- Бир жолу 2002-ж. орус тилин расмий тил катары Презедент менен Жогорку Кеңештин тил табышуусу менен Конституцияга ѳзгѳртүү киргизилген – ничья, 2006-жылы ноябрда Конституция бир айга болсо да Жогорку Кеңештин пайдасында кабыл алынган.

Бийлик кандай жол менен узурпацияланды:

- Мамлекеттик бийликти 1-Президент Акаев тарабынан 1994-жылдын октябрь айында 1993-жылкы Конституцияны бузуу менен ѳткѳргѳн референдуму менен узурпация кылуу башталган. 1993-ж. Конституциянын талабы боюнча (96 ст.) Конституцияга ѳзгѳртүү толуктоолор киргизүү бир гана Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу болгон. Президент Акаев аны одоно түрдѳ бузуп 1994-октябрь айындагы ѳзү дайындаган референдумда Жогорку Кеңештин ѳзүн 2 палатага бѳлгѳн жана ѳзүнѳ референдум жолу менен Конституцияга ѳзгѳртүү, толуктоолор киргизүү укугун алган (96ст. 1-п.)

- Ошондон бери Президенттер, качан, кандай кааласа ѳздѳрү билгендей Референдумду дайындап Конституцияга 9 жолу ѳзгѳртүү, толуктоолорду киргизишти. Ал эми негизги мыйзам чыгаруу бийлигинин ээси болгон – Парламент – кээде байкоочу, кээде колдоочу абалда жашап келет.

- Президент Акаев 1996-ж. февраль айындагы ѳзү дайындаган референдумда – 2 баштуу Парламенттин, 3 баштуу сот бийлигинин ыйгарым укуктарын бѳлүп берген, ѳзү 2 баштуу аткаруу бийлигинин жалгыз ээси болгон: - 1998-ж. октярбь айындагы референдумда Президент Акаев 2 баштуу Парламентти кайрадан «реформалап» палаталардын сандык кѳрсѳткүчтѳрүн алмаштырган. Эл ѳкүлдѳр жыйыны 45, мыйзам чыгаруу жыйыны – 60 анын ичинен 15 орун (20%) саясий партияларга берилген. Жерге жеке менчикти киргизген: - 2000-ж.

Президент Акаевдин демилгеси менен Жогорку Кеңеш аркылуу Конституцияга толуктоолор киргизилип орус тили, мамлекеттик тил менен катар расмий тил статусун алган: - 2003-ж. февраль айындагы Президент Акаевдин дайындаган референдуму менен кайрадан Жогорку Кеңеш реформаланып бир мандаттуу шайлоо округдарынан түз шайланган 70 депутаттан турган бир баштуу Парламентке айланган. Акаевдин жогоруда кѳрсѳтүлгѳн баардык референдуму Советтик Кыргызстанды демократиялык, укуктук, унитардык, эгемендүү Кыргызстанга кайра түзүү, айландыруу, рынок экономикасына ѳтүү максатында деп коомчулукка түшүндүрүлүп, бул реформаларга Жогорку Кеңеш каршы болуп «консерваторлук» кылып жатканы кошо айтылып турган. Бирок иш жүзүндѳ советтик доордо окуп, ѳсүп жетилген Акаевге караганда саясий деңгээли бийик тажрыйбасы мол, мамлекетчил, чарбакер, мекенчил коомдук-саясий инсандардын мамлекеттин саясий системасын кайра түзүү, рынок экономикасына ѳтүүнүн реалдуу жолун кѳрсѳткѳн кеп-кеңештерин Акаев укпай, кайра аларды «коммунист-консерватор» катары эсептеп ѳзү болсо батыштан келген кеңешчи, серепчилердин же алардын ырын ырдаган Левитинге, Бирштейнге окшогондорду угуп, батыштан саясий шарттар менен келген насыя акчаларга «демократ-реформаторлордун» тар чѳйрѳсү менен ѳзү билгендей баш аягы жок реформаларды ѳткѳрүп, Кыргызстанды батыштын Орто Азиядагы саясий-экономикалык реформаларды жүргүзѳ турган чоң эксперименттик лабораториясына айландырган. Кыргызга койду кантип бакканды үйрѳтүшкѳн «Талгарбековчулар» пайда болуп кыргыз элинин 70 жылдык байлыгы тып тыйпыл кылынып, ѳндүрүш таптакыр жок кылынган. Коңшу ѳлкѳлѳргѳ жерлерибиз берилип, кен-байлыктарыбызды Бирштейнге окшогондор толук ээлеген. Эл тентип чет ѳлкѳгѳ кете баштаган. Ошентип Кыргызстан ээси жок «общий домго» айланган. Акырында чыдабаган кыргыз эли биринчи элдик революцияга 2005-ж. март айында Акаевдин ѳзүн ѳлкѳдѳн кууп чыккан. 

(уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости