www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда кырсыктаган учак алып бара жаткан эт Кыргызстанда каттоодон өткөн "Навидист" ЖЧКсына тиешелүү болгон. Маалыматты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекова тастыктады.
"Навидист" ишканасы бир нече жылдан бери тоңдурулган кой этин Кыргызстандан Иран мамлекетине экспорттоп жүрөт. 2017-жылы — 146 тонна, 2018-жылы 786 тонна кой эти жөнөтүлгөн. Бул жолку 30 тонна этти жиберүүгө компания 2019-жылдын 11-январь күнү уруксат кагазын алган", — деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg