www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя тээ союз убагында айтылуу Тогуз-Торо районуна караштуу Бытпылдык деген жерде болгон экен. Ошол кезде тоют топтоо биринчи орунда туруп, болгон элди Бытпылдыкка чөпкө айдап, ар бир мекемеден кызматкерлер он, он беш күнгө чөпкө барышчу.

Бир күнү кеч кирип, айлананы күүгүм каптап калган кезде Нарын шаарынан барган Болот менен Мурат суу алганы, булакка келишет. Экөө эч жаман ой жок сууга жакын келип, ак көйнөк кийген аял суу алып жатканын көрүп күтүп туруп калышат. Бир кезде Болот тапансынып тиги аял затына тийишип калат:

-Чоң кыз, атыңыз ким болот?-деп. Бул сөздү укканда тиги ак көйнөк кийген аял чочуп кеттиби ким билет, ошол замат дароо жок болуп кетет. Албан субандай болгон эки жигит эмне болуп кеткенине акылдары жетпей, эки жакты карашса алиги ак көйнөкчөн аял ушунчалык аз убакытта кадимкидей маңдайкы тоонун башын  ашып кетип бара жатканын көрүп, ак көйнөкчөн аял ал жакка кантип барып калганына таң калышат. Бирок жүрөктөрү түшүп калган экөө, суу албай кайра издерине кайтышат. Анткен менен бул окуя такыр эстеринен кетпейт.

Эртеси күнү ашканада иштеген, орто жаштан өтүп калган Айымкан деген эжеге болгон окуяны айтышканда, тиги аял эч сөз укпагандай мамиле жасап:

-Ал аял булактын ээси. Дайыма кечинде ал булакка келет. Айткандай андан коркпой эле койгула. Баса, сууну булгабагыла, сууга түкүрүп, даарат сындырган кишиге терс таасирин тигизет –деп айтты.

Ошол күндөн эки күн өтпөй булакка сууга келген эки аял дагы ак көйнөкчөн аялды көрүп, корккондорунан денелерине учук чыгып кетет. Анткени ал эки аял сууга келип, тиги ак көйнөкчөн аялды байкабай эле каткырып күлүп жатышканда, тиги ушунчалык чукул жерден көрүнүп, дароо жок болуп кетиптир. Андайда аялдар бирге, экини кошуп айтары турулуу иш эмеспи. Эртеси күндөн баштап караңгы кирди болду, сууга эч ким барбай калды. Бирок, ушул күнгө чейин булактан көрүнгөн ак көйнөкчөн аял ким болгонуна эч ким жооп таба албай келет. Балким, чын эле булактын ээсиби же сууну ыпластыктан сактаган көрүмчүбү так жооп жок. Бирок, азыр ал жакка эч ким деле барбай калса керек. Балким азыр дагы булакты ал аял айланчыктап кайтарып жүргөн чыгар? Негизи эле көрүмчү дегенге ишенгендер барбы, болсо ким кандай ойдо жооп жазып койгула.

Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg

Последние новости